www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Абактагы Алмазбек Атамбаев казакстандык оппозиционер Мухтар Аблязовдун билдирүүсүнө жооп берди.

Тактап айтканда, Аблязов 1 жыл мурда Казакстанга Орусия аркылуу учуп бармак экенин, бирок Орусияда сырттан 15 жылга кесилгенине байланыштуу бара албай калганын билдирди. Ошондой эле Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаев менен сүйлөшкөнүн, Атамбаев ага жардам берерин айтканын белгиледи.

«Мен башка маршрут тапкам: ошол кезде президент болуп турган Алмазбек Атамбаев менен макулдашкам. Ага ылайык, атайын рейс менен Кыргызстанга учуп бармакмын, ал жактан мени тик учак менен Алматыга жеткиришмек», - деди Аблязов.

Бирок Атамбаев Аблязовдун айткандарын четке какты.

«Аблязов менен эч качан жолугушуп, сүйлөшкөн эмесмин. Ошондой эле эч нерсени макулдашкан эмесмин. Балким ага кимдир-бирөө жалган маалымат бергендир. Бирок менин Нурсултан Назарбаев менен мамилем 2016-жылдын сентябрь айынан кийин бузулганы жашыруун эмес» - деди Атамбаев.

Январь айынын башында мурдагы банкир Мухтар Аблязов Казакстандагы митингчилердин лидери экенин, аны менен күн сайын Алматыдан байланышып турушканын жар салган.

Аблязов Казакстанда өмүр бою эркинен ажыратылган. Орусияда 60 млрд рублга жакын акчаны уурдоого айыпталып, 15 жылга сырттан кесилген. Аблязов учурда Францияда жашайт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости