www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мен талапкерлердин арасынан президенттик кызматка ылайыктуу, күчтүү атаандашты байкай алган жокмун. Мындай пикирин Коопсуздук кеңешинин катчысынын мурдагы орун басары, генерал Өмүрбек Суваналиев жергиликтүү телеканалдардын бирине берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, азыркы талапкерлердин деңгээли өтө эле төмөн.

«Бул жолку президенттик шайлоонун эч бир кызыгы калбады. Талапкерлердин болсо көбүнүн деңгээли өтө төмөн. Анткени, башаламндыктан кийин талапкерлердин же акчасы жок, же рекламасы жок. Алардын тапканы эле интернет болуп калды. Жалаң эле социалдык тармактарда бири-бирин жамандап, «кара пиар» менен убара.

Мен талапкерлердин арасынан президенттик кызматка ылайыктуу, күчтүү атаандашты байкай алган жокмун. Алардын баары жанагы астрологдун сөздөрүнө катуу ишенип алышкандай.

Ал эми мурдагы, тактап айтканда, 2017-жылы президенттик шайлоодо Бабанов менен Жээнбеков чыкканда аягына чейин катуу күрөш болгон. Жада калса, ошол учурдагы президент Атамбаев өзү аралашып, Назарбаевди сөккөнгө чейин барган. Атаандаштык деп ушуну айтат…

Азыр административдик ресурстарды же криминалдарды пайдалануунун да кереги жок болуп калды. Анткени, күчтүү атаандаштык жок болгондуктан андайдын зарылдыгы деле жок», - деди Суваналиев.

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости