www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Facebook,YouTube жана Twitter Трамптын видеокайрылуусун өчүрүп салды

Видеохостинг YouTube видеохостинги менен Facebook социалдык тармагы АКШнын президенти Дональд Трамптын Вашингтондогу каршылык акциясына чыккандарга карата үйлөрүнө тароо боюнча жасаган видеокайрылуусун өчүрүп салды. Ал эми Twitter сервиси анын @realDonaldTrump аккаунтун 12 саатка блоктоп койду.  

АКШнын президенти Дональд Трамп Вашингтондогу каршылык акциясына чыккан тарапташтарына видеокайрылуу жасап, анда ал элди үйлөрүнө тарап кетүүгө чакырган. Бирок, анын шайлоосу “уурдалганын” айткан.

Белгилей кетсек, кечээ АКШнын конгресси Байдендин президенттик шайлоодогу жеңишин тастыкташы керек болчу. Конгресс өз жыйынын баштаган учурда Трамптын колдоочулары Капитолийге кирүүгө аракет кылып башташкан. Полиция көздөн жаш агызуучу газ колдонгон. Бирок, Трамптын колдоочулары Капитолийге кирип алышып, бир нече сааттан соң гана чыгарылган. Бир нече киши жаракат алып, бир киши көз жумганы айтылууда.

АКШнын борбор шаарында коменданттык саат жарыяланган.

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости