www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
АКШнын баш кааласы Вашингтондо полиция Конгресстин имаратына бастырып киришкен президент Дональд Трамптын тарапкерлерин сүрүп чыгарды. Полиция имарат тазаланганын, коопсуздук камсыздалганын билдирди.
Башаламандыктардан кийин Вашингтондо 7-январда жергиликтүү убакыт боюнча таңкы саат 6.00гө чейин коменданттык саат жарыяланган.
6-январда Ак үйдүн жанында президент Дональд Трамптын тарапташтарынын митинги өтүп жаткан.
Акцияга бир нече миң адам катышып, былтыр ноябрда өткөн президенттик шайлоонун жыйынтыгы кайрадан каралышы керек экенин билдиришкен.
Конгресстин кош палатасы Кошмо Штаттардын шайланган президенти Жой Байдендин шайлоодо жеңишин расмий бекитиш үчүн жыйын өткөрүп жаткан учурда алардын бир тобу Капитолийдин имаратына бастырып киришти.
Жыйын күтүүсүздөн үзгүлтүккө учурап, Конгресстин мүчөлөрү эвуакацияланды. Полиция кырдаалды көзөмөлгө алганга чейин Трамптын тарапташтары Капитолийдин ичин аралап жүрүштү. Ал эми имараттын сыртында миңдеген киши чогулуп турду.
Имаратка бастырып киргендердин айрымдары Трампты колдогон ураандарды чакырып, полиция менен кагылышты.
Имаратты басып алуу учурунда ок жеген аял ооруканада каза болгонун Вашингтондун полициясы ырастады. Кайтыш болгон аялдын аты-жөнү жана окуянын чоо-жайы кабарлана элек, иликтөө жүрүп жатканы айтылды.
Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.
Булак: NazarNews.kg