www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кечээ ММКлар Садыр Жапаров президенттин милдетин аткарбайт, анткени ал президенттик шайлоого катышып жатат деп жазып чыгышкан. Бул тууралуу депутат Өмүрбек Текебаев бүгүн, 12-ноябрда парламенттин кезектеги жыйынында билдирди.

Эгерде Садыр Жапаровду милдетти аткарбайм деп чечсе, кагаз жүзүндө документ болушу керек. Андан кийин кимге тапшырабыз деп эки жакты карап, төрага экен деп, мыйзамдуу түрдө кабыл алуу керек. Эл дагы бийликтин өткөрүлүп берилишин көрүшү керек. Өлкөнү сыйласак, анан эл мыйзамды сыйлайт. Мындай мамиле кылган туура эмес. Өлкө бир дагы мүнөт башчысыз калбашы керек. Күн тартибиндеги 20 маселени карап, муну 21-маселе кылып коёбузбу? ” – деди ал төрагага кайрылып.

Спикер Талант Мамытов бардык маселенин процедурасы бар экендигин айтты.

“Демек азырынча президент өзүнүн милдетин тапшыра элек? Бул тууралуу басма сөз кызматынан уктук. Ал расмий билдирүү жасайбы же жокпу? Бизди ким башкарат – президентпи же пресс-катчыбы?” – деп сурады депутат.

Мамытов Садыр Жапаров бүгүн маалымат жыйынында тийиштүү билдирүү жасайт деген оюн айтты.

Депутат Умбеталы Кыдыралиев Конституциянын 68-беренесинде “Эгерде президент өз ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда тапшырса, анда анын ыйгарым укуктары спикерге өткөрүлүп берилет, эгерде ал аткара албаса, анда … Баары Конституцияда так жазылган”, -деди ал.

Талант Мамытов бир аз убакыт сурап, “баары мыйзам чегинде каралат” деди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости