www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

- Бекболот байке, бул жума соңунда айыл чарба кызматкерлеринин кесиптик майрамы белгиленет. Биздин жамаат сизди алдын-ала куттуктоону чечтик. Сиз биз менен тыгыз иштешип келе жатасыз. Өзгөчө быйылкы жылы кыргыз айыл реформасынын күңгөй-тескейи, айыл жеринин келечеги боюнча маектериңиз окурмандардын чоң колдоосуна ээ болду. Көпчүлүк 90-жылдардагы айыл жериндеги өзгөрүүлөр аргасыздан болгонун, түбү айыл эли туура жана келечектүү жолго түшкөнүнө ынанды. Соңку он беш жыл сизди негизсиз каралап, мазактап келишкен акыл-эси, билими тайкы адамдардын асылууларына жакшы эле чыдадыңыз. Бирок капаланган учурлар деле болгондур?

- Мамлекеттик кызматкер катары башынан мага айтылган сындарды үч топко бөлүп карап келем. Биринчи топтогу сын айткандар 90-жылдары биз айыл реформасын жүргүзүп жатканда көп кездешкен. Алар биз кетирип жаткан кемчиликтерди, көз жаздымда калтырган жагдайларды айтышчу. Андай сынчыларга ыраазы гана болчубуз. Алар айткан сындар биздин ишибизге жардам болду. Экинчи топтогу сын айткандар мен кызматтан кеткенден кийин (2005-ж.) жыбырап пайда болушту. Алардын жеткен акылы «Талгарбеков колхоз-совхоздорду кыйраткан» - деген созолонгон ыры. Аларга эч убакта көңүл бурган эмесмин. Алардын саны жыл өткөн сайын суюлуп, учурда түгөнүп деле калды. Мени капалантып келген үчүнчү топ да бар. Алардын саны алтоо, соңку он беш жыл ичинде алар мени каралоого, мазактоого «адистешип» алышкан. Ыгы келсе- келбесе деле маал-маалы менен мага асылып келишет.

- Алар кимдер экенин билсек болобу?

- Мен да кызыгып, ал топтун жалпы эки окшоштугун байкадым. Биринчиси – ошол алтоо тең элибиз айткандай «Кудайдан жөө качкандар» экен. Өмүр баянын карасак үй-бүлөсүндө көйгөйлөрү барлар, ичкиликке жакындар, анан да айыл чарба тармагы эле эмес, бардык тармактар боюнча «билермандар». Мени таңгалдырган экинчи жалпылыгы – ошол алтоо тең нарындыктар, менин жердештерим.

- Балким Нарын эли айыл реформасын жактырбай, ошол себептен өз уул-кыздары аркылуу сизге каршы пикир айттырып жатышкандыр. Сизге мындай ой келген жокпу?

- Жок, андай ойлобойм. Тескерисинче, Нарын жана Талас облустарынын айыл калкы реформаны биринчи колдошкон жана үзүрүн көрүп келе жатышат. Ал эми Нарын облусунун аттуу-баштуу инсандарына келсек, алардын кеминде токсон пайызы мени колдоп келишкен. Мисалы, коммунист жетекчи Турдакун Усубалиев 1994-жылдан тарта (агезде ЖК депутаты) айыл реформасынын жигердүү жактоочусуна айланып, мени менен бирге айылдыктарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүп келди. Нарындык республикалык деңгээлдеги белгилүү жетекчилер Карыбек Тыналиев, Кеңешбек Мырзабеков (маркумдар), Дөөлөтбек Берикбаев, Төлөбек Өмүралиев, Жамалгазы Жумабаев, Чынарбек Касымов, Рысбек Нургазиев, Бердибек Самудинов ж.б., ошондой эле нарындык экс-губернаторлор Бейшенбек Болотбеков, Аскар Салымбеков, Шамшыбек Медетбеков, Алмазбек Акматалиев, Турдубек Мамбетов, Ажыбек Касмалиевдер айыл реформасын, жеке мени дайыма колдоп келишти. Суроо туулат: аталган нарындыктар кимдер, ал эми жанагы алты «Кудайдан жөө качышкан» нарындыктар кимдер?!

- Сиз быйылкы жылы дагы бир ишти колго алдыңыз. Көп жылдан бери дайыны билинбей кеткен «Кыргызстан агрардык партиясын» жандандырып, тарапташтарыңыз менен кыргыз элине бир нече мыкты билдирүү жасадыңар. Июнь айындагы алгачкы билдирүүдө эле 4-октябрдагы шайлоонун эртеси күнү  «Ала-Тоо» аянтына эл кылкылдап чыгып, бийликти кулатаарын айттыңыздар. Август айында «биз ыплас шайлоого катышуудан баш тартабыз», - деп дагы эскерттиңиздер. Соңунда, шайлоого үч күн калганда, «Агрардык партия парламенттик шайлоонун жыйынтыгын тааныбайт!» - деген билдирүү жасадыңыздар. Сиздердин эскертүүлөргө бийлик кулак төшөбөй, саясий аренадан кетүүгө аргасыз болду. Эми партиянын келечек пландары кандай?

- Учурда биз уюштуруу иштерин күчөтүп жатабыз. Партиянын төрагасы Болоткан Кумаров, орун басары Шамил Усубалиев жигердүү иш алып барышууда. Жазында өтчү референдумдан кийин парламентке партиялык система менен шайлоо өтө турган болсо, анда ага сөзсүз катышабыз.

- Бекболот байке, кесиптик майрамга карата кыргыздын салтына ылайык сизге ат тартууласак болот эле. Бирок журналисттерде андай мүмкүнчүлүк жок экенин жакшы билесиз. Ошондуктан, акылдашып, бизден белек катары, гезиттерге жарык көргөн сиз жөнүндө жакшы пикирлерден окурмандарга тартуулоону чечтик. Өзүңүздүн иниңиз Алмаз Кулматов сиз боюнча материалдарды чогултуп жүрүптүр. Ага байланышып, айрым пикирлерди алдык. Аларды окурмандарга жеткизели.

Калый Орозбаков, колхозду кырк жыл жетектеген башкарма, Тосор айылы, Жети-Өгүз району («Эркин-Тоо», 19.01.2000-ж.):

«Мен ушул чарба менен карыдым. Чыныгы реформатор жигит Бекболот Талгарбековдун сунушуна баш ийип, биздин чарбаны реформалоого макул болдук. Талгарбековдун окумуштуу катары да, турмушту таасын түшүнгөн сезимтал жигит катары да иштин көзүн таамай таап, ага элди ынандыра алганынын натыйжасында биз келечекти көрүп турабыз. Бир аз кыйналаарбыз. Бирок алдыда бизди жакшылык күтүп турганына ишендик».

Нурмамбет Токтоматов, КР эмгек сиңирген кызматкери («Жаңы Ордо», 28.02.2020-ж.):

«Талгарбеков көп кырдуу, жогорку деңгээлдеги инсан. Ал эки гана жыл айыл чарба министринин милдетин аткаруучу болуп иштеген. Бир күн да толук кандуу айыл чарба министри болгон эмес. Ал кыска мөөнөттө Кыргызстандын айыл чарба системасына чоң реформа жасап кетти. Анын ысымы өлкө тарыхында чыныгы реформатор катары кала берет».

Кайырбек Сарматов, дыйкан чарба башчысы, Дөң-Алыш айылы Нарын облусу («Майдан», 26.02.2020-ж.):

«Талгарбеков айыл элин кыйрап жаткан колхоз-совхоздордун тепсендисине калтырбай, эркиндикке чыгарды. Анын айыл чарбасындагы реформасы эң туура болгон. Ооба, ал тууралуу дагы эле ар кандай пикир айтылат. Менин баамымда, аны жектегендер билими тайкылар, жалкоо, жатып ичээрлер, ичкиликке жакындар. Талгарбековду жактагандар эмгекти сүйгөндөр, акыл-эси тунук, өлкө өнүксө деген мекенчил адамдар».

Дөөлөтбек Берикбаев, КР айыл чарбасына эмгек сиңирген кызматкери («Азия-Ньюс», 27.02.2020-ж.):

«Талгарбековдун кашкөйлүк сапаты, эрдиги бар. Мурунку президент Атамбаев күч-кубаттуу кезинде анын тескери иштери тууралуу тартынбай бетине айтты, жазды, бийликти түз жолго үндөдү. Калыс пикири, чын сөзү, акыйкат позициясы үчүн камалды. Үч жарым жыл жабык камерада отурду. Бирок бийлик анын эркин сындыра албады».

Качкынбай Кадыркулов, КР айыл чарбасына эмгек сиңирген кызматкери («Азия-Ньюс», 27.02.2020-ж.):

«Талгарбеков жүргүзгөн айыл чарба реформасы кыргыз элин 90-жылдардагы апааттан аман-эсен сууруп чыкты. Он-жүз миңдеген эркин дыйкандардын катмары пайда болуп, алар оор сынактан өтүшүп, өздөрүн, үй-бүлөсүн гана эмес, Ата-Мекенибизди сактап калышты. Ошол тарыхый өзгөрүүлөрдүн башында Бекболот Талгарбеков турду. Ал эл-журттун келечеги үчүн баарына кайыл болуп, башын байлап, жанын үрөп иштеп берди. Постсоветтик өлкөлөрдө Талгарбековдой бир да реформатор болбоду».

Бекболот байке, ушуларга окшогон  жакшы ой-пикирлер көп экенин билебиз. Элге дагы эле кызмат кыла бериңиз.

Майрамдык куттуктообузду нарындык иниңиз, КР маданиятына эмгек сиңирген ишмери Дүйшөк Мамбетөмүровдүн сиз абактан чыкканда арнап жазган ыр саптары менен коштойлу («Жаңы Ордо», 28.02.2020-ж.):

Жолдор ар кыл: түптүзү, бузулган бар,

Тагдыр ар кыл: майышкан учурлар бар.

Заман оомал – чындыгың чырт деп сынып,

Заң-законуң уруучу кусурлар бар...

Ак ийилип, солкулдап, бирок сынбай,

Адилдикти туу кылып тутунган бар!!!

Бар болуңуз, Бекболот байке!

 

Последние новости