Өмүрбек Текебаев: «Эл туура эмес тандоо жасаганын өтө кеч түшүнөт»
Саясат  |   |  4231

«Мен референдум мыйзамсыз жарыяланды деп эсептейм», - дейт саясатчы Өмүрбек Текебаев. Бул тууралуу ал жергиликтүү басылмалардын бирине берген маегинде.

Анын айтымында, Элдин пикири ар дайым өзгөрүп турат.

«Биз элди угуп, элдин добушуна салып тандагандан кийин аларды сыйлайбыз. Бирок, элдин пикири да ооп турат. Мындан жарым жыл мурда, саясий уюмдар өлкөдөгү саясий система боюнча иликтөө жүргүзгөндө калктын 62 пайызы «Кыргызстан туура багытта кетип жатат» деген ойду айтышкан.

Азыр эми элдин пикири тескерисинче «туура эмес багытта өнүгүп жатабыз» деп кайра өзгөрдү. Эл бүгүн бир нерсени колдоп чыкса, эртеси такыр башка багытты тандап кетет. Чындыгында кандай чечим туура болгонун түшүнгөндө кеч болуп калат. Ал убакта биз 10-15 жылга артка кетип калышыбыз ыктымал», - дейт Текебаев.

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Поделитесь с друзьями