ВИДЕО - Садыр Жапаровдун өмүрү тууралуу даректүү тасма чыкты
Саясат  |   |  1646

Белгилүү болгондой 10-январда кезексиз президенттик шайлоо болуп өттү. Анда жалпысынан шайлоочулардын дээрлик 80% добушун алып жеңишке жеткен Садыр Жапаров Кыргызстандын жаңы президенти болду.

Көп өтпөстөн Садыр Жапаровдун өмүрү тууралуу даректүү тасма жарык көрдү. Жеңишине өзү абдан ишенип тасманы мурда эле тартып баштаганбы же Президенттик постко келиши менен дароо тасма тартуу сунушу түшкөнбү, айтор, Жапаровдун өмүр таржымалын камтыган даректүү тасма дароо даяр болуп чыкты. 

Ал тасмада Жапаровдун мугалимдери, классташтары, айылдаштары жана чогуу иштешкен адамдары анын мүнөзү, адамдык сапаттары жана ишке болгон мамилеси тууралуу кеп кылышат.

Ал адамдар менен бирге Садыр Жапаров да өзүнүн жашоосу тууралуу сөз кылып, саясаттагы карьерасы тууралуу, кабылган куугунтуктары жөнүндө жана албетте Атамбаевдин колу менен абакка камалышы тууралуу ачык айтып берген. Сөзүнүн соңунда Кыргызстанды өнүктүүрү тууралуу сөз кылып, келечекке койгон пландары менен бөлүшкөн.

Бул мкала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

 

Поделитесь с друзьями