www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өмүрүндө бир кызматта узак олтуруп көрбөгөн Өмүрбек Суваналиев, “Азаттыкка” барып кошок кошту. Кызыгы кызмат үчүн тизе бүкпөйт деген Өмүке, өзүнүн өнөрүн октябрда көрсөтүп, жүзүн ачып алды. Маегинде президенттикке талапкер Адахан Мадумаров менен коштошконун айтып, мурдагы президент Жээнбековго сүйкөнүп, Райымбек Матраимовго адатына салып асылып өткөн.

Болуп өткөн маегине Дайырбек Орунбеков:

--Өмүрбек Суваналиев маек берип, Экс-Президент Сооронбай Жээнбековго сын айтып, жамандаптыр. Көп далилди айтпай эле коеюн, 2010-жылдан кийин Суваналиевдин кадырын эч ким баалаган жок. Алмазбек Атамбаев "көтөнү" деп сөккөн. Роза Отунбаева апчеси деле муну караган эмес. Бир гана Сооронбай Жээнбеков эч ким карабай жүргөн Суваналиевдин кадырын көтөрүп, коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары кылып койду. Күч түзүмдөрүн, көп мүмкүнчүлүктөрү колунда туруп эшектин тушоосун дагы чечкен жок. "Суваналиев келиптир" деп үмүт кылганбыз, анан иштегенин уккан жокпуз, отурду жөн эле.

Эми Сооронбай Жээнбеков кызматтан кеткенден кийин жамандаганы - Катанинин кандай экенин көрсөтүптүр. Аман эле болуңуз, адис катары дагы өзүңүздү көрсөтө алган жоксуз, эми адамдык сапатыңыздын баасын дагы көрсөтүп алдыңыз, - деди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости