www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
АКШда 10 жылдан бери комада жаткан аял наристелүү болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар полиция кызматкерлеринин маалыматына таянып жазып чыгышты.
АКШнын Аризона штатындагы ооруканалардын биринде комада жаткан аял кош бойлуу болуп, дени сак наристе төрөгөн. Оорукананын кызматкерлеринин айтымында комада жаткан аял мындан 10 жыл мурда сууга чөгүп ооруканага келип түшкөн. Бейтап ошондон бери эсине келе электигин айтышкан. Ал эми дарыгерлер анын кош бойлуу экенин толгоосу келе баштаганда билишкен. Мындай окуядан кийин ооруканадагы жалпы эрежелер өзгөрүп, тагыраагы, эркек дарыгерлер бейтаптарды жакындарынын коштоосунда гана карай алышат.
Финикс шаардык полиция департаменти комада жаткан аялдын зордукталганын айтып, учурда териштирүү иштерин баштаган.
Булак: NazarNews.kg