www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыздарда илгери жети атасын билүү паспорт милдетин аткарган, ошондуктан бала 4 жашка толгондон жети атасын үйрөтүшкөн. Кокус жоокер заманда колго түшүп кетсе, жети атасын билген бала эли журтун таап келчү. Кыргыз жамандык кылчу эмес, жамандык кылгандарды «Тукумуң жүзгө жетпесин» деп каргап койчу. Булардын тукуму көбөйбөй жети тукумуна чейин залал тартчу. Элге жакшылык кылгандардын тукуму көбөйүп, ар бир өзөн толо малга толуп кетчү. ХVII-XIX кылымда хандыктагы капсалаңдуу окуядан улам ферганалык кыргыздардын өкүлдөрү Чүй, Нарын, Ысык-Көл чөлкөмүнө жер которуп, түбөлүккө мекендеп туруп калган учурлар көп эле болгон. Атагы таш жарган Көлдөгү Сарт аке менен Жылкыайдар уулу Тилекмат аке бири - Ноокаттан, экинчиси - Кара-Кулжанын Ажыке жайлоосунан жер которуп, касиеттүү Ысык-Көлдү мекендеп, эл башкарып туруп калышса, айтылуу СССР Эл артисти Муратбек Рыскуловдун чоң атасы Болот Өзгөндөн Жумгал жергесине келип байырлап туруп калган. Анын Акмөөргө болгон арзуусу аркылуу жаамы кыргызга таанымал болду. Урпактары таланты менен ааламга таанылды. Актаңдай акын Арстанбек да Алымбек датканын доорунда Фергана өрөөнүндө болуп, Теңир-Тоого, Көлгө кайтканы маалым.
Кыргыз жоокер эл болгондуктан колго түшүрүп келгендерди кул кылып жетелеп албай, «жети кул», «сарт калмак» дешип бир жерге топтоп коюшкан. Кокон ханы Кыргызстанга чеп кура баштаганда үч кастага бөлүнгөн сарттарды алып келишкен. Албетте, жогорку кастадагылар бек, имам жана башка башкаруучулар болушкан. Экинчи кастадагылар кокон аскерине сарбаз болушкан. Мажбур менен арабага салынып алынып келинген үчүнчү кастагылар алардын «оту менен кирип, күлү менен чыккан» оокаттарын жасап беришкен.
Жаш кезинде дайыма тарыхий чындык күрөшүп келген келген, кебездей жулпулдаган жумшак мүнөзү бар Кыяс Молдокасымов деген белгилүү тарыхчы бар. Эми жашы өтүп үрпөк чачы ак пахтадай агарып бара жатканда, чындыктан тайсалдап «Күн тийген жердин күкүгү» болуп бара жаткандай. Эгер ал «Манас» орденин жаш кездеги чыгармачылыгы үчүн алса элдин бары кубанмак, бирок ата-теги жок Атамбаевге ата-тек таап бергени үчүн алып жатканында. Тарыхчы Молдокасымов жүйөөлүү фактыларды таап чыкса да жакшы, бирок көпчүлүк кеп кылып жүргөндөй Атамбаев ыргыткан «жугундуга» кызыгып, тарыхты акчага айлантып, өзүнүн «кашыктап чогултуп алган кадыр-баркын чөмүчтөп чачып алып», эми да эмки бийликти карап, бүгүлүп жатканында.
Кыяс Молдокасымов Бакиевдин убагында КТРКны жетектегени үчүн да эмес, «Кыргыз Туусунун» башкы редактору болгон үчүн да эмес, ал эми Атамбаевдин учурунда «Мурас» фондусун жетектеп турганы үчүн да эмес, аны эч ким күнөөлөбөйт. Ал «Мурас» фондусу элдин мурасын сактабай, ата-теги жок Атамбаевдин ата-тегин издейт деген принципти туу тутуп, «Мурас» фондусунун акчасын Алматы, Ташкен, Омбу шаарларынын архивине бекер коротуп, Атамбаевдин ата-тегин куру бекер издеп өткөрдү. Кыяс мырзанын көздөгөнү Атамбаевге жөнөкөй ата-тек эмес бий, бек, баатыр, датка деген мыктыларын берүү далалаты көрүнүп турат. Ошондуктан, тарыхчы мырза сөз башында эле тарыхты булгай баштайт.
1. Он башы Сарбагышов Шама дегенди архивден таап чыгып, өзүнө-өзү каршы чыгат. Ошол эле эмгегинде Шаманын атасы Ноорузбай,анын атасы Туматай балбан, анын атасы Кутай болгон деп өзү жазып жатпайбы? Сарбагыш деп кошуп койсо деле жок нерсеге кошоматчылар ишенмек. Сарбагышов Шама деген болсо болгондур, бирок он башы он түтүндүн гана кожоюну экенин, айрыкча Орусия империясы келгенде араба менен көчүп келген он түтүндүн башына бирөөнү коюп койорун тарыхчылар жакшы эле билер.
2. Молдокасымовдун санжырасында Атанбай 1860-жылы туулган дейт, андан 10 жыл мурун Асанбай туулуптур, жанагы коон -дарбыз айдаган. Атанбай менен Шаршенди бириктириш үчүн эч жерде жок Исхак деген уулун кошо койгон. Исхак баатырдын атынан койгон экен. Исхактан Шаршен туулуп атпайбы, өз атасы Исхак экенин да билбейт муну тарыхчы Молдокасымов гана билет.
3. Шама Пулат хандын (айтылуу Молдо Исхак Асан уулу, 1844-1876) жакын кол башчыларынан болуп, кийин Пулат хан Кокондун акыркы эгемен ханы катары даргага асылган соң, Абдылдабектин кошуунуна кетет деген маалыматты кошпой эле койсо болмок. Бул Шамаң шамаңдаган неме кайсы жерде чоң көтөрүлүш болсо Шама жетекчи боло калат. Бирок бул айтылгандар тарыхый чындыкка эч бир коошпойт,
4. Сарбагышов Шама жоруктары «Мюнхгаузенден»да ашып кетип жатат, бул Шама солто манабы Байтиктин оң колу экен. Атамбаевдин биротоло көңүлүн алып, Байтик эмне Шаманын оң колу болчу деп койсо деле ишенчүүлөр ишенмек. Талкан болуштугунун тизмесинде биринчи болуп айтылуу Байтик баатырдын, Шаманын ысымдары жүрөт.
5. Кыргыздар Нүзүп аталыктын жетекчилиги менен Коконго киришип 1842-жылы койчу болуп жүргөн Ажы бийдин уулу Шералыны такка коюшат. Нүзүп жашырып койчу кылып жүргөн Шералыны түз эле Кокон тагына отургузуп, эсинде сактап жүрөр деген ой менен койчу кезиндеги өтүгүн ак сарайга илдирип койгон. Жаштык жалындап турган убак, кыргыздардын Кокон тагын алып Шералыны отургузуп кеткен бул 1842-жылы жыйырмадагы Шама атасы Норузбай менен кошо ушул жеңиштин уюштуруучулары болуп жатпайбы.
6. Бирок арадан көп убакыт өтпөй ордодо кутумчулук күчөп, кыргыздар хандын айланасынан сүрүлүп, акыры хандыкты сактап, бекемдөөгө башчылык кылган Нүзүп 1844-жылы Маргалаңда Шералы хандын жарлыгынын негизинде өлтүрүлөт. Бул кайгылуу окуядан кийин кыргыздардын Шералы ханга көңүлү кайт болуп, тажиктер менен кыпчактардын кыянат аракетине каршы чыгалбай, кыргыздарга карата кылмыштуу чечимдерди жүзөгө ашырган ханга каршы бир катар кыргыздар кайрадан көтөрүлгөн. Алайда Алымбек датка баягы эле баатыр Шама баштаган кыргыздар менен 1845-жылы көтөрүлүп, Ошко аттанышат.
7. Көтөрүлүштү басып, кыргыздарды жазалоо үчүн Мусулманкул миңбашы, Көр уулу аскер башы баштаган кошуун Ошко келет. Оштун тегерегинде катуу кармашуу болуп, натыйжада Мусулманкул баштаган кошуундун жеңиши менен аяктайт. Ошол эле учурда, алайлык кыргыздар менен макулдашкандай, сарытейит уруусунан Шама баш болгон Ноокат, Кадамжай, Айдаркен, Баткен, Лейлек кыргыздары көтөрүлүп, апасы кыргыздын аваат уругунан болгон Алим хандын Оро-Төбөдө жашаган уулу Мурадды хан көтөрүшүп, Шералы ханды тындым кылышат. Мурад хан болгону аз гана убакыт хан тактысын ээлеп, кыргыздар ордодогу таасирин кайрадан орнотууга аракет кылышкан.
8. Миң тукумундагы Шералынын уулу Кудаяр 1845-жылы такты алып кыргыздарды кыра баштайт. Кыргындан жашырынып атасы Ноорузбайды таштап көтөрүлүш башчысы Шама Чыңгыш баатыр
менен Чүйгө келип ага бала болот дейт.
9. Бул көтөрүлүш болгону чын бирок Шама баатыр тууралуу бир ооз сөз жок. Чыңгыш баатырдын тондуу жана тонсуз балдарынын тизмесинде Шама деген жок.
10. Шама Чыңгыш баатырды ээрчип кетти, Ноорузбай болсо калат.Шама кеткен соң Ноорузбай деле укум-тукумдуу болуп калмак да. 150-жылдан кийин Ноорузбай менен тууган болуп бир баткендик аксакал чыгат.Өзү да тууган экенин ошондо билет. Ким эле президент менен тууган болгусу келбесин.
11. Шаршенден Айнура, Болот, Калыйбек, Алмазбек аттуулар болгон. Болот аттуу агасы жаш кезинде каза болгонун, анын Эмил Шаршенов аттуу уулу бар экенин билебиз. Калыйбек болсо Баткенге барбай Өзбекстанда туугандарынкында жүрүп бизнес боюнча Москванын Коопсуздук органдарынын «кара тизмесине» түшүп, аны Икрам Илмиянов куткарып калган, иниси президент кезинде көз жумган.
Калыстыкты туу тутуп келген Кыяс Молдокасымов Шаманы ченеп мактабаптыр, 1842-жылы Шама болбосо Шералы хан болмок эмес, Шама болбосо 1845-жылы кыргыздар көтөрүлмөк эмес, 1876-жылы Анжиян көтөрүлүшү болмок эмес, Байтик да Бишкек чебин чаба алмак эмес. Шама баатыр Молдокасымовдун оюу боюнча миң жылда бир туулат. Атаганат, ушундай баатырлар болсо кыргыздарга жакшы болмок. Аша чаап мактоо акыры чындыкка алып келет.
Ушул Молдокасымовдун тарыхий жактан такталган чыгармаларына жооп, түбү жок адам болбойт, бирок түбү ким экенин билбеген адам болушу мүмкүн. Байтик баатыр Бишкек чебин чапкан соң жогорку жана экинчи кастадагы адамдарын бүт кырып, үчүнчү кастадагы малайдагы жүргөн адамдарын араба менен салып келип, өздөрүнүн «оту менен кирип, күлү менен чыгыш үчүн» өлтүрүшкөн эмес. Балким сиз мактап жаткан Шама ошолордун биридир, ал эми Атамбаевдин «Кыргызстандын эл Баатырын» бербей койгону менимче туура эле, ар бир жалган маалыматтарды бере бергендерге «эл Баатырын» бере берсек түтөбү?
Азизбек Келдибеков
Булак: NazarNews.kg