www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 5-апрелде «Өнүгүү-Прогресс» парламенттик фракциясынын жыйынында 2018-2040-жылдарга Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясынын алкагында КР Саламаттык сактоо министрлигинин аткарып жаткан иштерин жана планын, ошондой эле министрлик тарабынан алынган насыялардын жана гранттардын жумшалышы жана ишке ашырылуусу боюнча маалымат угулду.
Күн тартибине коюлган маселе боюнча КР саламаттык сактоо министринин орун басары Мадемин Каратаев баяндама кылды. Өз сөзүндө М.Каратаев бүгүнкү күндө саламаттыкты сактоо тармагынын материалдык-техникалык базасы жетишсиз экенин белгилеп, дары-дармек боюнча улуттук базаны тартипке келтирүү жана алардын баасын жөнгө салуу маселеси курч тургандыгын билдирди. Ошону менен катар алдыда электрондук саламаттыкты сактоо тутумун дыкаттап ишке киргизүүгө, үй-бүлөлүк медицинанын артыкчылыгын жогорулатууга, типтүү ооруканаларды курууга, жеткиликтүү, сапаттуу медициналык кызмат көрсөтүүгө жетишүүгө аракеттер болуп жаткандыгына токтолду. Мындан сырткары, саламаттыкты сактоо тармагына келген грант- кредиттер менен перинаталдык борборлор, кургак учук боюнча лаборатория, Ош шаарында оорукана жана Кыргыз-түрк ооруканасы курулуп жаткандыгы айтылды.
Жыйын жүрүшүндө бир катар эл өкүлдөрү дары-дармек саясатына токтолушту. Депутат Тынчтык Шайназаров Саламаттыкты сактоо министрлигинин жетекчилерине Грузияда Европа жана Америкада сатылган дарылар гана сатылсын деп кабыл алынган ченемди Кыргызстанга колдонууну сунуш кылды. Ал эми депутат Мирлан Бакиров жарандар жылдан жылга дарыны көп колдоно баштагандыгына кооптонуп, элдин саламаттыгын алдын алуу боюнча иштерге басым жасоого чакырды. Ошону менен катар М.Бакиров медициналык кызмат көрсөтүүдөн кошумча нарк салыгын алып салуу керектигин кошумчалады. Депутат Абылкайыр Узакбаев борбор калаада бир эле дары ар башка жерде ар башка баада сатылып жаткандыгын теске салынбайбы деген маселени кабыргасынан койду.
Депутат Алтынбек Жунус уулу мамлекеттик тез жардам менен жеке тез жардам кызматтарын, мамлекеттик ооруканалардагы кайдыгер мамиле менен жеке ооруканалардагы тиешелүү мамилени салыштырып: «Саламаттыкты сактоо тармагындагы жалпы саясатты өзгөртүү керек»,- дейт.
Фракция лидери Бакыт Төрөбаев өлкөнүн медициналык кызмат көрсөтүүлөрүнүн калькуляциясы жоктугун, бизде сметалык мамиле менен иш жүргүзүлөрүн айтып, саламаттыкты сактоо тармагында күнүмдүк иштер менен эле эптеп алектенип, саясат жүргүзүү маселеси калып калгандыгын сынга алды.
Жыйынтыгында айтылган сын-пикирлерди Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан эске алынышы тапшырылып, берилген маалыматты эске алуу чечими кабыл алынды. Ошону менен катар фракция депутаттары жакынкы айларда Саламаттыкты сактоо министрлигине көчмө жыйын өткөрөрүн дагы белгилешти.
Бул маалымат тууралуу Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы билдирди.
Булак: NazarNews.kg