www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
«Коопсуз шаар» долбоору ишке киргизилгенден бери жол кырсыктарынан жабыркагандар өткөн жылдын көрсөткүчтөрүнө салыштырмалуу 44,4% азайды. Бул тууралуу ички иштер министри Кашкар Жунушалиев өкмөттүн жыйынында билдирди.
Анын маалыматы боюнча, жол кыймыл эрежелерин бузуу 37,5% азайып, ушуга чейин 38 385 протокол толтурулду. 40 586 эреже бузуу катталып, эреже бузган 15 411 айдоочу 20 млн. 202 миң сом айып төлөдү.
Жыйында премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев «2019-жылдын 20-апрелине чейин «Коопсуз шаар» долбоорунун экинчи баскычын ишке ашыруу башталат жана жыл аягына чейин бардык ири шаарларда жана республиканын трассаларында камералар орнотулат», деди.
«Коопсуз шаар» долбоору 12-февралдан тартып Бишкек шаарында иштей баштаган. Анын алкагында көчөлөрдүн кесилиштерине камералар орнотулууда. Долбоорду «Вега» концерни ишке ашырып жатат.
Булак: NazarNews.kg