www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 5-апрелде Жогорку Кеӊеште өткөн “Химиялык заттарды, калдыктарды, генномодифицирленген организмдерди жана жандуу жаратылыш объекттерин трансчек аралык которуштурууну жөнгө салуу” темасында парламенттик угуунун жүрүшүндө ЕАЭБ өлкөлөрүндө химиялык заттардын, калдыктардын, ГМО, жаныбарлардын, өсүмдүктөрдүн жүгүртүлүшүн жөнгө салган курчап турган чөйрөнү коргоо жаатындагы мыйзамдар жана эл аралык макулдашуулардын тизмектери бири-биринен олуттуу айырмалангандыктан, бирликтин ичинде, ошондой эле анын чек арасын кесип өтүүдө жөнгө салуу механизмдерин биргелешип иштеп чыгуу зарыл экенин белгиледи.

Ошондон улам, парламенттик угуунун жыйынтыгында резолюция кабыл алынып, КР Өкмөтүнө төмөнкү маселелерди чечүү жөнүндө тапшырмалар менен сунуштамалар берилди:

- мыйзамдардын жана укук колдонуу практикасынын деңгээлинде укуктук коллизияларды жана “ак тактарды” табуу, товарлар менен кызмат көрсөтүүлөр ЕАЭБ чегинде жана андан тышкары бажы чек араларынан өтүүдө мүчө-өлкөлөрдүн курчап турган чөйрөнү коргоо жаатындагы эл аралык макулдашуулары менен жөнгө салынган мыйзамдарды шайкеш келтирүү механизмдерин киргизүү чараларын баштоо;

- керектөөчүлөргө сатылган продукциялар жана кызмат көрсөтүүлөр боюнча, ошондой эле өлкө аймагында аларды сатып өткөрүү баскычында продукциялардын коопсуздугу жаатында ЕАЭБ техникалык регламенттери жана ченемдик документтери менен белгиленген талаптардын сакталышына көзөмөлдү камсыз кылуу;

- ЕАЭБ чек араларынын чегинде химиялык заттарды жана калдыктарды, биологиялык жана генетикалык ресурстарды, ошондой эле адамдын өмүрү, ден соолугу, курчап турган чөйрө жана жандуу табияттын объекттери үчүн коркунучтуу болгон генномодифицирленгенорганизмдерди мыйзамсыз жүгүртүүнү болтурбоону камсыз кыла турган мыйзамдарды өзгөртүү боюнча сунуштарды киргизүү;

- ЕАЭБ чегинде, ошондой эле товарлар менен кызмат көрсөтүүлөрдүн ЕАЭБ бажы аймагынын чегинен тышкары которуштурууда курчап турган чөйрөнү коргоо жаатындагы эл аралык макулдашууларды жүзөгө ашыруу механизмдерин иштеп чыгуу;

- ЕАЭБ Комиссиясынын базасында тыюу салынган жана уруксат кылынган пестициддердинтизмелерин инвентаризациялоо жүргүзүү жана ЕАЭБ мейкиндигинде кыйла катуу талаптар боюнча бирдиктүү тизме жөнүндө чечим кабыл алуу;

- ЕАЭБ Комиссиясына Базель, Роттердам, Стокгольм, Минамат конвенцияларына, Монреал протоколуна карата бирдиктүү мамилени, химиялык заттарды эл аралыкжөнгө салууга (ХЗЭЖСМ), жок болуп кетүү коркунучу астында турган жапайы фауна жана флоранын түрлөрүн эл аралык сатуу жөнүндө Конвенцияга (СИТЕС), биологиялык ар түрдүүлүк жөнүндө Нагой, Картахен протоколдоруна карата стратегиялык мамилени иштеп чыгуу жөнүндө маселени кароону сунуш кылуу.

Белгилей кетсек, Жогорку Кеӊеште Кыргыз Республикасында “жашыл” экономикага өтүү боюнча коомдук кеңештин жана Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитеттин демилгеси менен “Химиялык заттарды, калдыктарды, генномодифицирленген организмдерди жана жандуу жаратылыш объекттерин трансчек аралык которуштурууну жөнгө салуу” темасында парламенттик угуу өттү. Иш-чарага депутаттар, мамлекеттик органдар менен мекемелердин жетекчилери, коомдук уюмдардын өкүлдөрү, эксперттер менен адистер катышты.

Бул маалымат тууралуу Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы билдирди.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости