www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
--Жусупжан Амражанович, жаз келгени саясатка дагы жан кирип жатат. Сиз саясий майдандан көрүнбөй кеттиңиз. Эмнелерди ойлоп жүрөсүз? Тиреши күчөп бараткан мурунку санаалаштарыңыздын кимисине жан тартып жатасыз?
--Мен эки дос эмне болот экен деп карап олтурганым жок. Өлкөнүн экономикасы кандай өнүгүүдө, кандай жаңы кадамдар болууда, инвестициялык климат кайсыл нукта, канча ишкана курулду, канча адам жумуш менен камсыз болду деген ойлор эки достун тирешинен жогору болууда. Саясий аренаны кайсыл саясатчылар булгап жатканына назар салуудамын. Мен саясий майдандан кеткеним жок. Чындык үчүн күрөшкөнгө кудурет жетет. Досумбу, куда-сөөгүмбү баарын бетине айтам. Буга чейин да ушул позицияда болгом, мындан кийин да айта берем. Алмаз Атамбаевге 2009-жылы “Форумда” КСДПнын съездинде “Урматтуу коллегалар, жасакерликти токтотолу! Айга-күнгө теңеп жатып Алмаздан “культ личность” жасабайлы! Алмаз Шаршенович, сиз дагы мактагандардын көбүнө ишене бербеңиз. Кийин өзүңүздү Сталиндей болуп “культ личность” сезип албаңыз. Эл менен болуңуз, ошондо аброюңуз көтөрүлөт...” деп айткам. Мактап, көкөлөткөндөрдүн “жардамы” менен мен айткан абалга келди. Кийин Жалал-Абаддагы окуядан кийин экөөбүздүн мамилебиз салкындап кеткенин билесиң да. Ошондон кийин бул менин алдымда башкалар сыяктуу бөйпөңдөбөйт деген тыянак чыгарган болсо керек. Эки достун тиреши мага кызыксыз. Экөөсү башта шилекейлешкен айрылгыс дос болуп жүрүшкөн. Эми болсо бири-биринин далысына бычак уруп жаткандарын көрүп туруп, буларды түбөлүктүү дос болушкан эмес окшойт деп ойлоп жатам. Кечээ күнү “Атамбаевсиз КСДП” деген кыймыл өткөргөн съездге конок катары катыштым. Ошол жерден дагы көп нерсени сездим. Көбүнчө жамандамай. Мындай болбойт да. Коомубуз аябай бузулуп калды. Күнүмдүк менен жашаганга өттүк. Бүгүн бийликтин көзү түз болгон партияга кандай болсо дагы кошулайын, ошол менен креслого жетейин деген максат негизги орунга чыкты. Креслого жеткенден соң “Көчүгүмдү бөрү жесин” дегендей болуп, башкача оюнду салып жатышат. Туруктуу көз карашы бар, Кыргызстан үчүн жан дили менен күйгөн кадрлардын азайып бара жатышы көп ойго салат.
--Мурунку досуңуз Алмаз Атамбаев жанында жүрүп оң колуна айлангандар коррупция менен айыпталып камалгандан кийин өзүн сактап калуу үчүн саясий оюндардын башында туруп, акыркы амалын жасап жаткандай туюлат. Абакта олтурган жаш балдардын тизгинин тартпай, каалаганын кылдырган Атамбаевдин өзүндө болсо керек чоң күнөө?
--Экөөбүз жолугуп, өткөн-кеткен тууралуу кеп козгогондо эле Атамбаевди “досуңуз” деп айтасың. Мен ал менен шилекей алышып, кучакташып дос болуп, ошонун арты менен кайсыл бир кызматка жеткен эмесмин. Акыркы жолу Жалал-Абадга губернатор болуп барганымда, Жантөрө Сатыбалдиев өзү чакырып “Жалал-Абадга барып ошол жерди тартпасаң болбойт” дегенде, кайра-кайра эле губернатор болуп бара береминби?- десем, “Сен барбасаң болбойт” деп көндүрүп жиберген. 6 айдан кийин Атамбаев “Сени Текебаев жамандап жатат” деп Текебаевдин колу менен кызматтан алган. Азыр Атамбаевдин саясатта жасап жаткан аракеттери коргонуу гана. Инстинк баардык жаныбарларда бар. Баканы басып алсаң деле “бак” деп үн чыгарат. Алмаздын биринчи туура эмес иши, жаш балдарды күйгүздү. Арканды алыс таштап, кийин пианина ойноп, ыр жазам деген адам азыр абакта олтурган балдарга “Тарткыла тизгинди, 6 жылда жетчү жерге жеттиңер! Эми таза иштеп бергиле. Мындан кийин да жашоо бар. Мен үйдө тынч олтурайын” деген жок. Тескерисинче, жаш балдарды жардан түртүп салбадыбы. Азыр ошол балдар көргөзмөнү башкача бере баштаганы айтылып баштаганда жан сактоого болгон аракетин жумшоодо. Бул боло турган көрүнүш.
Булак: Жаңы ОРДО