www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эдил Байсалов, коомдук ишмер: "БӨТтүн жүз миңдеген тарапташтары кайсы жакка ооп, кимди ээрчип кетээрин эч ким билбейт" --Эдил мырза, Бабановду бири келет десе, экинчиси келсе эле камалат дешет. Кыргызстанга келсе аны кандай тагдыр күтөт?

-- Өмүрбек Бабанов мекенине кайтып келүүгө толук укуктуу. Ал корко турган эч нерсе жок. Эч кимге жамандык кылган эмес. Эч кандай мыйзамды бузган эмес. Ага эч ким кылмышкер, ууру, канкор же дагы башка бир жаман сөз айта албайт. Шайлоого талапкерлигин коюу, элине кызмат кылганга аттануу бул качантан бери кыргыз жигити үчүн кылмыш болуп калды эле?

Жок, туугандар, шайлоодо жеңген кишини куттуктап, жеңилгендерди тим койгонду үйрөнөлү. Болбосо, ар дайым эле мындай кубалашмайыбыз токтобойт. Ынтымак орнобойт бизде анда. Бабанов келет, суроолорго жооп берет. Анан тууган - туушкандары менен жолугат. Айылына барып, атасы - апасына куран окутат. Анын азыркы учурда кандайдыр бир саясий пландары жок. Шайланган президенттин мөөнөтү бүтмөйүнчө ал 2023-жылга чейин саясатка кийлигишпейм деген сөзү бар. Бирок аны куугунтуктоо улантыла берсе, кандайдыр бир ыдыктар токтобосо, албетте ал пландарын өзгөрткөнгө аргасыз болот.

Менимче, азыркы президентибиз, Барак Обама атаандаш Хиллари Клинтонду өзүне кантип жакындатса, Бабановду деле жок дегенде кеңешчи кылып алыш керек эле. Тээтиги жылдары бизде деле ушундай ынтымак бар эмес беле.

-- Баса, 10-апрелде Бабанов бийликти басып алат экен деген да маалыматтар чыга баштады. Эгер жогору жак анын келишине шарт түзбөсө, ал Кыргызстанга революциялык жол менен келеби?

--Эми мындай сөздөрдү Бабановдун келишине каршы күчтөртаратып жаткандыр. Өмүрбек Бабановдун чоң саясий жашоосунун көбү али алдыда. Ал кандайдыр бир шашылыш кадамдарга барбайт. Азыркы бийликгин тирешкен күчтөрүнө эч качан кошула албайт. Бирок албетте өзү кандайдыр бир кыйынчылыкка учураса, Бабановдун жүз миңдеген тарапташтары кайсы жакка ооп, кимди ээрчип кетээрин эч ким билбейт.

Чынайым Кутманалиева, Ачык саясат

Последние новости