www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Оппозициячыл партиянын лидери кармалды

Беларуста оппозициячыл «Беларус элдик фронту» партиясынын лидери Григорий Костусев камакка алынды. Анын жакындарынын маалыматына караганда, саясатчы 12-апрелде өлкө чыгышындагы Шклов шаарында кармалып, Минскиге алынып келген. Азырынча полиция Костусевдин жагдайы тууралуу расмий маалымат бере элек.

64 жаштагы Костусев беларус бийлигин сындап, бир нече жылдан бери оппозиция болуп келет. Ал 2010-жылы президенттикке талапкер болгон, кийин нааразылык акциясына катышканы үчүн кармалган.

Беларуста былтыр августта президенттик шайлоодон бери саясий кризис уланууда. Ал шайлоодо бийлик Александр Лукашенко утканын жарыялаганы менен оппозиция жана бир катар мамлекеттер анын бурмаланган жыйынтыгын тааныган эмес. Ошондон бери Лукашенконун кызматтан кетишин талап кылган нааразылык акциялары өтүп жатат. Анын жүрүшүндө Беларустун коопсуздук күчтөрү демонстранттарга ашкере күч колдонуп, акцияга чыккандарды четинен кармап келет.

Акыркы маалыматка ылайык, Беларуста баш-аягы 27 миңден ашык киши кармалып, 400дөн көбү соттолду. Алардын айрымдары кыйноого кабылып, бир нече адам каза болгону жөнүндө кабарлар чыккан. Оппозициячыл бир нече саясатчы камакка алынып, бир тобу өлкөдөн чыгып кетүүгө аргасыз болду.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости