www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Түштүк окуясында 500дөй киши каза болуп, бир канчасы дайынсыз жоголду», - деди бүгүн, 13-апрелде NazarNews маалымат агенттигине экс-депутат Бейшенбек Абдыразаков.

- Бейшенбек мырза, Роза Отунбаева «Түштүк коогалаңы боюнча биздин да айта турган сөзүбүз бар. Кара жащиктин оозун ачпагыла деп кеңеш берет элем»- деди.  Бул ишке баа берилиши керекпи же болоор иш болду, боёсу канды деп койгонубуз туурабы?

- Роза Отунбаеванын айта турган сөзү болсо, азыр айтышы керек. «Убагында айтпаса сөз атасы өлөт, кеч айтса сөз апасы өлөт» дейт кыргызда. Бийликте турганда жаап жашырып, бурмалап, өз кызыкчылыгына ылайыктап айткан башка. Чынында чындык бийликтен кеткенден кийин чыгат.

Тагыраагы, 10-15 жылдан кийин тарыхый чындыкты айта турган мезгил келет. Мисалы, 1937-жылкы репрессиядагы Исановдун, Садыркуловдун өлүмү сыяктуу чындык бийлик алмашкандан кийин, бир канча убакыт өткөндөн кийин чыгат. Отунбаеванын жанталашып жатканы түшүнүктүү да. Бишкекте бир жаран кошунасынын итин кокусунан өлтүрүп алып иш козголуп, жоопко тартылды. Түштүк окуясында 500дөй киши каза болуп, бир канчасы дайынсыз жоголду.

Ошондой эле, алган жаратынан улам каза болгондор да болду. Бирок, бир ит өлгөндөй да болгон жок го. Ошончо адам өлсө да эч нерсе болбогондой маани берилбеген мамиле жасалды го. Ошон үчүн бул аягына чыгып 500-600 кишинин өлүмүнө бирөө жооп берип, сабак болушу керек. 5 жыл сайын төңкөрүш жазашып, элди эт туурагычка салып берип коюп, өлгөндөргө миллион сом, катышкандарга орден, медаль тагып, айрымдарына кызмат берип, каралар кеткендерди саап, саясатчылар бийликти, байлыкты алып дагы 100 жыл жүрөбүзбү? Ошон үчүн баа берилип, күнөөлүүлөрдүн аты аталышы керек.

- Эмнеге Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрү бул иш кайра каралышына караманча каршы чыгып жатышат?

- Убактылуу Өкмөт мүчөлөрү бул ишти түрүү турганда ачтырбайт. Элге чындыкты жеткирбейт. Андан көрө батыштын акчасы, таасири менен дагы бир революция кылып жибергенди туура көрүшөт. Алардын атасы Америка, апасы батыш. Аларды кандай мезгил болбосун ата-энелери колдойт.

- Эмне үчүн коомчулукта түштүк окуясын иликтемиш болуп, жаңы бийлик Бакиевди актаганы жатат деген маалымат тарата башташты?

- Бирин бири жамандап жатышат. Муну саясат дейт. Саясат деген ушундай да. Алар Бакиевди жамандап, Убактылуу өкмөттү мактагылары келип жатат. Антпесе эл ооп кетет деп кооптонуп жатышат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости