www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Сокулук районунда унаа уурдоого шектүү жаран кармалды, деп билдирди Чүй ОИИББдин басма сөз кызматы.
Сокулук РИИБге жергиликтүү тургун — 48 жаштагы У.Н. арыз менен кайрылып, 12-март күнү болжол менен саат 11:00 чамасында «Тойота Хайландер» унаасын уурдап кетишкенин билдирген.
Унаада арыз ээсинин керектүү документтери жана 70 миң сом акчасы бар болчу.
Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 206-беренеси (Автотранспорт каражаттарын айдай качуу) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.
Чүй ОИИББдин жана Сокулук РИИБдин криминалдык милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында жогорудагы кылмышка шектелип Жалал-Абал облусунда туулуп, өскөн 23 жаштагы Н.Б. аттуу жаран кармалып, уурдалган унаа дагы табылган.
Шектүү убактылуу кармоочу жайга камакка алынды. Учурда сотко чейинки өндүрүш иштери уланууда.
Булак: NazarNews.kg