www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Реформа», «Бүтүн Кыргызстан» партиясынан бир да байкоочу шайлоо участкасында болгон жок», - деди бүгүн, 13-апрелде NazarNews маалымат агенттигине мониторинг борборунун жетекчиси Турсунбек Акун.

- Турсунбек мырза, бу сапар референдумга жаңы конституцияга каршы элди ачык үгүттөштү. Бирок, эл референдумга катышып, жаңы конституцияны колдошту. Ошондо каршы чыккандар утулдубу? 

- Албетте утулду, Референдумга жана жаңы конституцияга каршы чыккан топ ачык каттоодон өтүп, аларды Рита Карасартова менен Клара Сооронкулова жетектеди. Алар референдумга каршы аракеттерди колунан келишинче жасашты. Ал турсун шайлоого добуш берип, референдумга катышпагыла деп оппозициянын колтугуна суу бүркүп, элди үгүттөп жатышты. Бирок, эл референдумга катышып, жаңы конституцияны колдоп берди.

Жыйынтыгында референдум менен конституцияга каршы үгүттөгөндөр утулушту. Эми утулгандарын моюндарына албай шайлоо жокко чыксын деп жеңишке жетпей калган партияларды чогултуп алып, Борбордук шайлоо комиссиясынын алдына митингге чыгып жатышат. 

- Жеңишке жетпей калган партиялардын «шайлоону тааныбайбыз» дегени бийликке баш оорутуу жаратуубу же башка максаттары барбы?

- Шайлоодо мүмкүн добуш сатып алуулар, административдик ресурсту колдонгондор болгондур. Бирок, массалык түрдө добуш сатып алуулар болгон жок. Анткени, шайлоого карата келечекке жол мониторинг борбору Кыргызстан боюнча мониторинг кылдык. Биз чыгарган жыйынтык боюнча шайлоо да, референдум да мыйзам чегинде өттү деп эсептейбиз.

- Шайлоонун жыйынтыгын тааныгысы келбегендер башында эле жеңилээрин билип, шайлоо участкаларына байкоочу коюшкан эмес деген пикирлер айтылууда. Бул маалыматтын канчалык деңгээлде чындыгы бар?

- Бул сөздүн чындыгы бар. Тагыраагы ийгиликке жетпей калган партиялар ар бир шайлоо участогуна байкоочуларын коюп, алардын айлыгын төлөп, жеңишке жетүүгө аракет кылыш керек эле. Тилекке каршы, өздөрү каражат короткондон кысынышып, эми шайлоо жокко чыксын деп жатышат.

Биз 11-апрелде мониторинг жүргүзүп жүргөндө «Реформа», «Бүтүн Кыргызстан» партиясынан бир да байкоочу шайлоо участкасында болгон жок. Ушундан улам булар өздөрүнүн өтпөй калышын алдын ала билген деген жыйынтыкка келип жатабыз.

Себеби, байкоочу койгон партиялар шайлоодо жеңишке жетишишти. Байкоочу коё албай туруп, байлар өтүп, карапайым адамдардын партиялары жеңилип калды деп ызы-чуу салбай эле коюшса туура болмок.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости