www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кечээ, 12-апрелде билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев республикадагы шаардык жана райондук билим берүү бөлүмдөрүнүн башчылары онлайн форматта кезексиз жыйын өткөрдү. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирет.

Жыйындын жүрүшүндө министр Бейшеналиев КР президентинин “Инсанды адеп-ахлактык өнүгүүсүн жана дене-тарбиясын камсыздоо жөнүндө” жарлыгын аткаруу үчүн Билим берүү жана илим министрлиги 2021-2030-жылдарга Кыргыз Республикасында окуучу жаштарды руханий-адеп-ахлактык өнүктүрүү жана дене-тарбиялоо концепциясын иштеп чыккандыгын маалымдады. Ошону менен бирге министрликтин борбордук аппаратында тарбия боюнча өзүнчө сектор түзүлгөндүгүн билдирип, мындан ары бул багытта билим берүүнүн бардык деңгээлдеринде ырааттуу иштерди жүргүзүү зарыл экендигин баса белгиледи.

Жыйындын соңунда министр аймактык билим берүү уюмдарынын жетекчилерин:

- билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин арасында билим берүү уюмдарында салттуу маданий, руханий, адеп-ахлактык жана үй-бүлөлүк баалуулуктарды сактоо менен билим берүүнү камсыз кылууга максаттуу багытталган иштерди жүргүзүүгө;

- мектепке чейинки курактагы балдарды, мектеп окуучуларын жана студенттерди, ошондой эле, биринчи кезекте, турмуштук оор кырдаалда турган балдарды физикалык, психикалык, социалдык, руханий жана адеп-ахлактык жактан өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү максатында бардык чараларды камсыздоого милдеттендирди.

Ошондой эле Билим берүү жана илим министрлигинин тиешелүү буйругуна ылайык Кыргыз билим берүү академиясынын, кесиптик жогорку жана орто окуу жайларынын жетекчилери:

- Концепцияга ылайык мектепке чейинки курактагы балдарды, мектеп окуучуларын жана студенттерди тарбиялоо жана билим берүү максатында этика, эстетика жана дене-тарбия предметтери боюнча билим берүү стандарттарын киргизүүнү кайра карап чыгуу иш-чараларын кабыл алууга;

- окуу программаларын, усулдук көрсөтмөлөрдү жана сунуштарды, календардык-тематикалык пландарды, сабактардын, тематикалык айрым сабактардын, класстык сааттардын, класстан тышкаркы иш-чаралардын үлгүлөрүн иштеп чыгууну жана жайылтууну камсыз кылууга;

- балдардын жана жаштардын бирдиктүү дүйнө таанымын жана заманбап илимий дүйнө таанымын калыптандыруу үчүн илимий-педагогикалык изилдөөлөрдү системалуу түрдө жүргүзүү жана алдыңкы педагогикалык тажрыйбаларды жайылтуу, эмгекке түрткү берүү, жигердүү жашоо жана кесиптик позициясы, жаратылышка аяр мамиле кылуу боюнча иш-чараларды күчөтүүгө тийиш.

Андан тышкары Педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо республикалык институтунун, кесиптик жогорку жана орто окуу жайларынын жетекчилери:

- билим берүүнүн бардык баскычтарына, мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу боюнча билим берүү программаларына Концепцияны ишке ашыруу боюнча маселелерди иштеп чыгып, ишке киргизүүсү;

- квалификациясын жогорулатуу боюнча көрсөтүлгөн кызматтарды жаңы билим берүү стандарттарына жана педагогдордун муктаждыктарына ылайык келтирүүсү;

- Концепцияга ылайык предметтик жана проблемалык-тематикалык курстардын модулдарынын программаларынын шайкештиги жөнүндө маселени карап чыгуусу жана ишке киргизүүсү абзел.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости