www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
«Эң биринчи, мамлекет башындагылар карапайым калктын укук-акыларын жебеши керек», - деди бүгүн, 13-апрелде NazarNews маалымат агенттигине коомдук ишмер Нурлан Мотуев.
- Нурлан мырза, референдум талапка жооп бергендей эле шартта өттүбү?
- Референдум жалпысынан алганда жакшы өттү. 10 жылдан бери Парламенттик башкаруу деген түзүлүш Кыргызстанды 30 жыл артка тартканына элдин кеч болсо да көздөрү жетти. Мен башында эле көзүм жетип, каршы болуп, бир да партияга кирбей койгом. Андыктан, бул жолку Референдум Президенттик башкарууну 80 пайыз колдоп беришпедиби.
- Референдумдан кийин мамлекетте кандай өзгөрүү болушу ыктымал?
- Негизи, азыркы башкаруу формасы толук болбосо да, көп жагынан Ислам башкаруусуна окшоп кеткендиктен, Аллахтан колдоо болуп, мамлекетте көп жакшы өзгөрүүлөр болот, буйруса. Эң биринчи, мамлекет башындагылар карапайым калктын укук-акыларын жебеши керек. Маяна, пенсия-пособиелерди өтө чоң көбөйтүп коюп берип, сот адилеттигин толук жүзөгө ашыруу керек. Мен референдумдан кийин бийликтин аракеттери ушундай багытта болушун каалайм.
Булак: NazarNews.kg