www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Элдин кайгысын, кыйналганын, жакырчылыкты, экономиканын артка кетип жатканын, тышкы карызды, бийлик бутактарындагы коррупцияны саясатчылар бир гана учурда айтышат.

Оппозицияда, кызматсыз жүргөн учурларында. Байкап көрсөңүз биздеги оппозициябыз дегендердин бир эле максаты бар. Эптеп эле бийликке жетүү деген.

Кыйкырып жүргөндөргө бийлик берип койсо эле бүттү, кумга сиңген суудай эле жок болоору турган иш. Баягы кыйналган эл, жакырчылык, кымбаттаган свет, коррупция дегендердин бүт силкип ыргытып туруп, сергек басып кете беришет.

Мунун «живой» мисалын айталы. Арзыбек Кожошев деген саясатчыбыз бар, кезинде экономика министри болгон. Учурда Өкмөттүн финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын төрагасы.

Тактап айтканда жалпы каржы тармагыбызды тескеп олтурат. Кызматсыз жүргөндө экономикабыздын артка кеткенин, каржы тармагыбыз каатчылыкка кептелгенин зар какшап айтып жүрчу. Экономика, каржы тармагы боюнча сын айткан сөздөрүн угуп олтуруп: «Ушунчалык кыйналып, азап тартып кеттикпи?» - деп боздоп ыйлап ийгиң келчү.

Азыр Арзыбек мырза, так ошол экономика тармагы боюнча айткан сөздөрүн унуткан. Мен жетекчиликке келгени финансы тармагыбыз жипке тизгендей эле болуп калды деген түшүнүктө жашап, баягы кыйкырган күндөрүн унутуп, Кудай ушул жашоомду кут кылса экен деп кудуңдап жургөн кези.

Булак: "De Факто" гезити

Последние новости