www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Камчыбек Ташиев Италия элине көңүл айтты

Италиянын мурдагы чабуулчусу Паоло Росси 10-декабрда 64 жаш курагында дүйнө салды.

 

УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев легендарлуу футболчунун каза болгондугун билип, италия элине көңүл айтты. Бул тууралуу ал Facebook социалдык тармагындагы баракчасына жазган.

«Бүгүн мага дүйнөгө белгилүү италиялык футболчу, Алтын топтун ээси, дүйнө чемпиону жана менин досум Паоло Россинин каза болгондугу тууралуу кайгылуу кабар келди. Мен бул сонун адам менен таанышуу жана достошуу бактысына ээ болдум. Менин уулум Эмир-Хан аны менен эки жыл Перуджиядагы (Италия) Паоло Росси футболдук академиясында окуган. Бардык футбол күйөрмандарына, айрыкча италиялыктарга чын жүрөктөн көңүл айтам. Жаткан жери жайлуу болсун. Жакшы укта, тууганым”,- деди Ташиев.

Паоло Росси - белгилүү италиялык футболчу, 1982-жылы дүйнө чемпиону. 10 жашында Пратонун "Амбросиана" балдар командасына кошулуп, андан кийин "Католик Виртусуна" (Флоренция) ойногон. 15 жашында таланттуу өспүрүм Ювентус Турин академиясына чакырылган.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости