www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Карышкыр ичик кымбаттады!

Ак-Талаа районунун Баетов айылында кышкысын малга тийген карышкыр көбөйгөндүктөн, малчылар жардамга муктаж болуп, мергенчилере кайрылды.

Атып өлтүрүлгөн ар бир карышкырга 20 миң сом гонорар төлөп бермей болушту. Бул жөнүндө жайыт башы Бактыбек Акматов айтып чыгып, кыш башталгандан бери 6 карышкыр жок кылынганын билдирди.

Айтылган акысы мергенчилерге толугу менен төлөндү. Мергенчилерге берилчү акчаны малчылар фонд катары өздөрү ортого чогултат. Андан сырткары, ар бир өлтурүлгөн карышкырга мамлекеттен 6 миң сомдон акы төлөнөт.

Булак: "De Факто" гезити

Последние новости