www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
"Кумтөрдү" улутташтырып, жыргап жатып калабыз деген чоң жаңылыштык", - деди бүгүн, 18-майда NazarNews маалымат агенттигине тоо кенчилер ассоциациясынын төрагасы Орозбек Дүйшеев.
--"Мен көп жылдан бери "Кумтөр" маселесин жакшы билем. Бул жерде чоң саясат бар. Ал эми Кыргызстан "Кумтөрдү" улутташтырабыз деген бул-чоң маселе. Муну биз сотто утабызбы же уттуруп коёбузбу, азырынча белгисиз. Биз улутташтырып, жыргап жатып калабыз деген жаңылыштык. Кыргызстан муну иштете албайт. Себеби, "Кумтөрдү" иштеткен чет элдик компаниянын каражаты дагы, керектүү бардык техникасы бар. Ал эми Кыргызстандын муну иштеткенге акчасы жана чоң техникалары дагы жок. Андан көрө иштеткен компания менен мыкты адистердин жардамынын аркасында мамлекеттин кызыкчылыгын көздөгүдөй туура, так келишим түзүш керек. Болбосо өлкөнүн экономикасы дагы түшүп кетет.
Негизи Кыргызстанда тоо-кен тармагындагы коррупция маселеси өрчүшүп кетти. Муну дагы тыкыр көзөмөлдөшүбүз керек", - дейт төрага.
Булак: NazarNews.kg