www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Блогер Чыңгыз Капаров баштаган активисттер экс-президент Сооронбай Жээнбеков менен Роза Отунбаеванын экс-президент статусунан ажыратуу боюнча кол топтоону улантышууда.
Анын айтымында, учурда аталган мурдагы президенттердин «экс» макамын алууга 60 миң кол топтолду. Бирок демилгени парламентке өткөрүү үчүн 300 миң кол топтоо зарыл. Алар мындай кол топтоолорунун себеби катары Роза Отунбаева шайланган шайлоо атаандаштык негизде өтпөгөнү, ал эми Сооронбай Жээнбеков 2020-жылы мөөнөтүнөн мурда отставкага кеткенин айтышууда. «Экөөнүн убагында тең өлкө жоготууларга учурады», — дейт Капаров.
Кол топтоо Бишкек шаарында «Ала-Тоо» аянтындагы Илбирс имаратында ар аптанын ишемби күнү саат 10:00дөн 18:00гө чейин жүрөт.
Булак: NazarNews.kg