www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Кумтөр» маселесин Кыргызстан цивилизациялык жол менен чечүү аракетин жасап жатат. Бул тууралуу брифингде инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо министри Алмамбет Шыкмаматов билдирди.

«Акыркы үч саясий окуянын бирине Кумтөрдөгү алтындын туура эмес бөлүштүрүлүшү себеп болгон. Бийликтин булагы эл болуп саналат. Эгерде азыр референдум өтсө, жарандардын 90 пайызы Кумтөргө байланыштуу маселени Кыргызстандын улуттук кызыкчылыгы үчүн карап чыгууга добуш берерине ишенем.

2011-жылы AMEC бирикмесинин эл аралык эксперттери Centerra Gold Inc. алтын артынан түшүп, экологияны коргоонун нормаларын унутта калтырып жатат деген жыйынтыкка келишкен. Финансылык эксперттердин кирешени бөлүштүрүү коррупция менен коштолгон деген корутундусу да бар», - деген ал.

Шыкмаматовдун пикиринде, инвестициялык климат жана «Кумтөр» маселеси боюнча тарыхый адилеттүүлүктү калыбына келтирүү - ар башка маселе.

«Кумтөр» маселесин көтөрбөш үчүн дайыма инвестициялык климат, эл аралык соттор тууралуу айтылчу. Бизге эрктүүлүк жана чечкиндүүлүк жетпей жатты. Талаш-тартыштарды эл аралык сотто цивилизациялык жол менен чечүүгө даярбыз. Эл аралык сотто адатта көп иш каралат. Дүйнө жүзүндө маселелер болгон үчүн сот бар. Биз соттошууга даярбыз, жапайычылык менен мамиле кылып, дүйнөлүк коомчулуктун эрежелерин тааныбайбыз деп айткан жерибиз жок. Биз өзүбүзгө алган бардык эл аралык милдеттенмелерди аткарабыз», - деп билдирди министр.

Ал ошондой эле «Кумтөр» менен акыркы келишимдер коррупциялык механизмдерди колдонуу менен түзүлгөн деген далилдер бар экендигин белгиледи.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости