www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандан 59,5 миллиард сомду чыгарып кетүүгө жана адалдаштырууга катыштыгы бар деген шек менен Х. К. Л. жана У. И. Ш. аттуу жарандар кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирди.

Алар жоюлуп кеткен Финполдун Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын жетекчисине карата коррупция беренеси боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалганы айтылат. К. Н. аттуу жетекчи март айында кармалган.

Колго түшүрүлгөндөр Кыргызстандын жарандары. УКМКнын версиясы боюнча, алар акча чогултуп, банк аркылуу Кытайдагы компаниялардын бирине мыйзамсыз түрдө которуп турган.
Атайын кызмат кылмышка тиешеси бар башка адамдарды дагы издеп жатат. Алардын арасында мартта издөө жарыяланган Бактияр Жолдошбаев дагы бар.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости