www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

УКМК: Василий Дашков коррупцияга шектелип кармалган жок

«Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынын мурдагы башкы директору Василий Дашков УКМК тарабынан кармалган жок. Бул тууралуу атайын кызматтын маалымат бөлүмү билдирди.

Белгилей кетсек, буга чейин «Кыргыз темир жолу» ишканасынын башкы директору Василий Дашков УКМК тарабынан кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилгенин «Kaktus.media» басылмасы коопсуздук органдарынын кызматкерлерине таянып жазган.

Басылманын маалыматында бүгүн, 18-майда Дашков коррупцияга шектелип кармалып, УКМКга жеткирилгени айтылган.

Эскерте кетсек, Дашков «Кыргыз темир жолу» ишканасында 2006-жылдан бери иштеп келет. 2020-жылдын апрелинде ал компаниянын жетекчиси болгон. Журналисттер Али Токтакунов менен Болот Темиров 18-февралда биргелешкен иликтөөнү жарыялашып, Дашков өзүнүн компанияларына тендерлерде келишим түзүп беришкен.

2021-жылдын март айынын аягында Дашков «Кыргыз темир жолу» ишканасынын директору кызматынан бошотулган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости