www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бийликке таарынган КСДПнын «үйүрү» 8-июнда корруцияга каршы митинг өткөрүп, ага мурунку президент Алмазбек Атамбаев катышты. Экс-президент бул сапар дагы үйрөнгөн адаты менен кызыл тилин кайрап, жыртылып бүткөн оозунан ак ит киргизип, кара итти чыгарды. Өзүнүн айдагы менен баспай жалпы элди тандаган Президентти колунан келишинче каралап, «Райымбек Матраимовду коргоп жатат» деп көө жаап, «шайлоодогу миллиондорду кайдан алган» деп тазалыгына шек жаратып, «колхоз башкарууда» деп шылдыңдап, мусулман эмес мунафык деп келекеледи.

Эми башкасын айтпаган күндө да, диний ишенимди саясатташтыруу пастыкка жатат. Себеби, ким мусулман ким кафир экенин пенде эмес, бир гана Кудай аныктайт. Албетте, экс-ажону Батукаевдин иши кыжалат кылып, санаага салып жатканы бу сапар ачык билинди. Тузакка түшөр күнү жакын калганын сезип, чебелектей баштаганы так байкалды. Аны Салянованы жанталашып коргогонунан көрсөк болот. Ал аракети сокурга дагы дайын, каршы көрсөтмө бербесе дегени да.

Болбосо Салянованын күйөөсү менен агасына жалган жалаа менен иш козготуп, качырган АША өзү эмес беле? Иниси да АШАнын учурунда киши колдуу болду. Кыскасы, бул киши чындап эле психикалык жактан соо эмес экен. Дарыланыш керектигине биз да ынандык. Анда башкалардын да пикирин угуп көрүңүз, «Алмазбек Атамбаевдин митингдеги сүйлөгөн сөзүнө кандай комментарий бере аласыз?» деген собол менен кайрылдык.

—Илдет улам өөрчүп жүрүп отургандай, Атамбаевдин лексикону да кичинеден күчөп-күчөп отуруп ушуга жетти. Оппозицияда жүргөн кезинде анча-мынча айтып койчу, эл көп көңүл бурчу эмес. Мисалы, «Катанини» башка сөз менен айтканы эмне деген маданиятсыздык, Москвадан окуган кишинин айтар сөзүбү? Албетте, ал кезде президент боло элек болчу, кийин 6 жыл эл башкарды. Анан да 60тан ашып пайгамбар жашына келген киши салабаттуу орду менен сүйлөш керек да. Ушунча элди чогултуп алып, «колхоз башкарып калды», «кокон хандыгы башкарып жатат» деген далили жок сөздөрдү келтиргендин өзү туурабы?

Сүйлөсө эле эл ишене бербейт, Кокон хандыгы дегенде тескерисинче өзүнө сөз тийип калат. Себеби, Кокон хандыгына өзүнүн тиешеси көбүрөөк. Тегин Кыяз (Молдокасымов) оңдоп-түздөп койгону менен элдин арасында айтылган сөз жокко чыккан жок. Ооба, «Кокон хандыгы» деген «намек» башка багытта айтылды, ары жагын түшүндүк, бул элди бөлүп-жаруу менен барабар. Тарых чындыгында биз Кокон хандыгында болгонбуз, бизге бөлөк-бөтөн нерсе эмес. Хандарды кыргыздар кызматка койгон.

Эми айталычы, Атамбаев сын таккандай өзү адилет башкардыбы? Журналисттер ооз ачалбай калбады беле? Миллиондогон айыптарды салып сөз эркиндигин муунтуп салганын танабы? Сөздү тыйган кыргыздын тарыхында болгон эмес, «Баш кесмек бар, тил кесмек жок» деп келген. Жүйөлүү сөзгө жыгылган. Кудайга шүгүр, азыр сөз эркиндиги жакшы болуп жатпайбы. Сындар айтылып жатат. Мына Алина Шаикова деген кыз УКМКнын жоругун коркпой чыгып айтып салды, жетекчиси кызматтап кетти. Бул ээн-эркин пикирди билдиргенге мүмкүнчүлүк берилгендигинин чоң керсөткүчү.

Айтор, митингге даярданып келип сүйлөгөн сөзү ушул болсо, анда Туйгуналы досунун айтканы чындыкка жакындап, психикалык ден соолугуна шек жаратат. Көп пландары ишке ашпай калганы нервдик клеткаларга оор келген окшойт. Эми биз ушундан сабак алып, Батыштын практикасы менен мамлекеттеги жооптуу кызматка бараткан адамдарды медициналык кароодон өткөрүү практикасын киргизишибиз керек экен.

Булак: "Мантыш"

 

 

Последние новости