www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыздар байыркы эл экени тарыхта тастыкталып чыкты. Байыркы замандан бери кыргыздар өздөрүн «кыргызпыз» деп аташканы менен орустар «киргиз», «кара киргиз», ал эми кошуна мамлекеттер «хун», «кун», «кэргис», «гянь», «гянгунь», «кыргэс», «хяркяс», «хыргыс», «хирхиз», «каргас», «кыйкыс» деп келишсе, «р» тамгасы жок, миңдеген жылдык тарыхында көп өзгөрүүлөргө дуушар богон кытай тилинде: хагас, цзилицзинь, цзянь-гунь, гун, кягас, кыйкыс, хягас, кягыс, киликидзе, килики деп айтылып келген.
Кыргыздар
«Кыргыз» этноними биздин заманга чейинки 210-жылы Кытайдын жазма тарыхында ташка тамга басылгандай жазылып калган. Ошол кезде кыргыз элчилери Бээжинге барышкан экен. Демек, чоң мамлекет болсо керек. Андан кийин кыргыздын тарыхы дагы 800 жылга узарган. Кытай жазууларында биздин кылымга чейин 1000 жыл мурун кыргыздар тууралуу жазуулар табылган. Кытайдын Улуу сепили миң жылдап бизге окшогон көчмөндөрдөн сактаныш үчүн курулган. Бул космостон көзгө чалдыккан жалгыз жер курулуш. Азыркы мезгилде цивилизация Чыгыштан башталган деген кеп бекемделип жатат, биздин заманга чейин миңдеген жыл мурун түптөлгөн Кытай империясы бир учурларда Каспий деңизине чейин жеткен экен. Германиянын канцлери Ангела Меркель Бээжинге иш сапар менен барганда, Кытайдын Каспийге чейинки картасын аларга тартуулап барган.
Экинчиден, Токмокто археологдор тарабынан табылган будда бюсту байыркы Кытай бизге жеткенин айгинелейт. Үчүнчүдөн, ошол Токмок шаарында туулган дүйнөгө белгилүү акын Ли Бо буга күбө болот. Төртүнчүдөн, СССР заманында Кытай менен жаман мамиледе элек, ошондо айтып калышчу Кытай Каспийге чейин аймак биздики деп окутуп, ушул аймакты талашып жатат деп.
Тарыхта кайсы мамлекет кайсы жерге жетпеди. Тарыхта жашаган жерин БУУнун аймактык Конвенциясы боюнча талашууга укугу жок. Андай талаша турган болсо Кыргыз Улуу Дөөлөтү Азиянын теңин курчап жаткан. Экинчи ирет, мындан бир жарым миң жыл мурун Улуу Кыргыз державасы Алтай, Шиберде күчтүү мамлекет болгон. Беш жүз жылдай өмүр сүрүптүр. Үчүнчү ирет Ормонхандын убагында кыргыз мамлекеттүүлүгү аз да болсо калыбына келип, Кытайдын, Кокон ханынын, Казак Кененсарынын жапырыктарынан өзүн сактап кала алган. Төртүнчү ирет, СССР түзүлгөн мезгилде автономиялуу облус, АССР болуп отуруп, 1936-жылы республика макамын алат. Ал эми 1991-жылы 31-августта эгемендүү мамлекет болот.
Кеп калктын санында эмес, уйгур, күрд деген 50 миллионду чапчып жаткан калктар көз карандылыкты ала албай жүрүшөт. Ал эми Кыргызстан эгемендүү мамлекет, буга сүйүнүшүбүз керек. Аймак жагынан да, калктын саны жагынан да биз жоон орто мамлекетпиз, бизден аймагы кып-кымындай, калкы өтө аз мамлекеттер толуп жатат.
Илгери Үчүке баатыр өлгөн соң иниси Кудаян эл башкарып калат. Анын эл менен иши жок, ойноп-күлүп жүрүп, калмактар 1610-жылдары катуу кыргын салып кыргыздар Ферганага ооп, ошол жакта күн көрүп калышат. Үчүкенин уулу Маматкул эл менен бирге кымыз уулап жүрөт. Жамгырлуу күнү бир үйгө келип кымыз ичип отурса тебетейинен суу тамчылап жатат. «Эй, байболгур, Маматкул тебетейиңди силкип алсаң боло» десе, «Тебетейди силкер убакта силкербиз» - деп койот. Тебетейин силкер убак болуп Маматкул баштап баласы Болот, небереси Эсенкул калмактарды Ала-Тоодон кууп чыгып, кийин баласы Болот, небереси Эсенкул тизгинди кошо талашкан эл башкарган адамдар болгон. Булар Ферганадан келгенде Чүйдү жердеп калышат. Кийин Орто-Токой аркылуу Теңир-Тоого көчүшкөн.
Хакас эли өздөрүн Совет мамлекет келген соң гана кытайдын «хагас» деген сөзүн өздөрүнө ат коюп алышкан, ага чейин аларды орус эли «Миң-суулук татарлар» (минусинск татарлар) деп аташкан. Бүгүнкү күнү кээ бир хакастар Улуу кыргыз империясын биздин ата-бабалар түзгөн дешип, бизди чыныгы кыргыздарды бөлүп салууга аракет кылып жатышат.
Өзбек этномими тарыхта 1338-жылдан белгилүү, Дешти-Кыпчактагы түрк уруусу Өзбек хандын кол алдында азыркы Өзбекстандын аймагындагы сарт, перс, грек, хинди жана башка уруулардын курамында түзүлгөн жерди басып алат. Октябрь революциясынан соң түрк тилинде сүйлөгөндөргө Сталин ат таппай «өзбек» деп бириктирип коюп койгон.
Кыргыздар «токсон боолуу өзбек» деп аташкан, ушул эле аралашма калктын фарси тилинде сүйлөгөнүн «тажик» дешет. Казак менен кыргыздын түпкү тарыхы бир, казактар байыркы кыргыздардын калдыктары, Кытайдан туткундарды алып келип чөлгө кармашкан. Ошондон түрк тилине кытайдын дифтонгдору аралашып кеткен.
Болбосо,кара сөөк казактардын түбү байыркы кыргыздар. Азыр казактар шумерден, сактан тараганбыз дешип, ар кандай тарыхий версияларды издеп жатышат. Чыңгызхандын заманында монголдор Ак Ордону курушкан. Кийин Жаныбек хан 1470 - жылдары Абдулхаирдан казактарды бөлүп, Чыңгызхандын урпактары, моңолдор ак сөөк аталышып, казактар кара сөөк аталып калышкан.
СССРге чейин орустар казактарды «кыргыздар» деп атап келишкен. СССР убагында Казакстанда Кыргыз АССРи түзүлгөн. СССРди солкулдатып турган «Русь» деген этномим биздин замандын алтынчы кылымынан бери карай гана белгилүү. Бул уруу ошол кезде Днепр дарыясынын Рось деген куймасынын боюнда жашап, тутуму Чыгыш славяндарга кире турган. Демек, көп элдерден кыргыздар байыркы эл.
Кыргыз элин кимдер башкарышкан?
Кыргыздар Шиберде Улуу Кыргыз Дөөлөтүн түзүшүп, ал 500-жылдан Чыңгызхандын жапырыгына чейин бирде гүлдөп өсүп, бирде аты чыкпай келген. Бирок, Улуу Дөөлөт түзүшүп кошуна мамлекеттер менен салгылашып, турушканы бул тарыхий чындык. Улуу Кыргыз Державасынын эң гүлдөп турган мезгили 500-800-жылдары. Барсбек байыркы тарыхта изи калган белгилүү кагандардын бири. Ал биздин замандын 638-жылы төрөлүп, 711-жылы 73 жашында көз жуумптур.
1963-жылы Кыргызстаныдын Орусияга ыктыярдуу кошулганынын 100 жылдыгын белгилеп, ал кездеги КПСС БКнын биринчи секретары Никита Сергеевич Хрущев Фрунзеге келип Кыргыз ССРине орден тагып кеткен. Кыргызстан официалдуу 1863-жылдан 1991-жылга чейин Москвага баш ийип турган. Ормонхан Үмөталыны кошкондо 26 жыл (1842-1868) Кыргызстандын теңин сурап турган.
Императорлор:
Александр II (18-февраль 1855 — 1-март 1881);
Александр III (1-март 1881 — 20-октябрь 1894);
Николай II (20-октябрь 1894 — 2-март 1917);
Убактылуу ѳкмѳт башчылары:
Львов Георгий Евгеньевич (2(15) март — 8(21) июль 1917);
Керенский Александр Фёдорович (8(21) июль — 25-октябрь (7-ноября) 1917); Совет мамлекетинин Эл комиссарлар Советинин тѳрагасы башкарган:
Ленин Владимир Ильич (26 октябрь (8 ноябрь) 1917 — 21-январь 1924);
РКП(б), ВКП(б), КПСС БКнын Генеральный секретарлары:
Сталин Иосиф Виссарионович (3-апрель 1922 — 5-марта 1953);
Хрущёв Никита Сергеевич ( 14-март, формалдуу 7-сентябрь 1953 — 14-октябрь 1964);
Брежнев Леонид Ильич (14-октябрь 1964 — 10-ноябрь 1982);
Андропов Юрий Владимирович (12-ноябрь 1982 — 9 февраль-1984);
Черненко Константин Устинович (13-февраль 1984 — 10-март 1985);
Горбачёв Михаил Сергеевич (11-март 1985 — 24-август 1991, СССР президенти 15-март 1990 — 25-декабрь 1991).
Кыргыз Республикасынын президенттери
Акаев Аскар Акаевич
(31-август 1991 – 24-март 2005, Кыргыз ССРинин президенти октябрь 1990)
Бийлик же инфакка (МГУ), же инфарктка жеткизет.
1944-жылы ноябрда туулган 2005-жылы мартта качып кеткен.
Санжыра: 1.Тагай; 2.Кылжыр (сарбагыш); 3.Дөөлөс; 4.Токо: 5.Абыла; 6. Токой.7. Акай (Күчөр, Чилтен, Болот, Асанкул, Аскар).
Бакиев Курманбек Салиевич
Бийлик барда акчаң жакшы, бийлик жокто качкан жакшы.
1949-жылы августта туулган 2010-жылы апрелде качып кеткен.
Санжыра:1. Эгемназар; 2. Эрмамат; 3. Молдоназир; 4. Молдокалый; 5.Галай калпа; 6. Молдо Бакы; 7. Саалы;
Отунбаева Роза Исаковна
(7-апрель 2010 -1-декабрь 2011)
Бир партия баш кошсо - позиция,
Эки партия баш кошсо – оппозиция,
Үч партия баш кошсо - коалиция,
Төрт партия баш кошсо - революция.
1950-жылы августта туулган, 2011-жылы декабрда президенттик кызматын өткөрүп берген;
Атамбаев Алмазбек Шаршенович
(2011-2017)
1956-жылы сентябрда туулган 2017-жылы 24-ноябрда президенттик кызматын өткөрүп берди.
Санжырага кулак төшөйлү: 1.Кутан; 2. Меңди; 3. Ажы бий; 4. Кутуй (Кытай); 5. Туматай; 6. Турсун; 7. Норузбай; 8.Шама; 9. Атамбай; 10. Ысак (Исхак); 11. Шаршен.(Тарыхчы Кыяс Молдокасымовдун версиясы боюнча);
Жээнбеков Сооронбай Шарипович
(2017-2020)
1958-жылы ноябрда туулган, 2017-жылдын 24-ноябрынан президент, 2020-жылдын 15-октябрында 62 жашында кызматын өткөзүп берген.
Санжырага кулак төшөйлү: 1.Адигине; 2. Жору (Жолжакшы); 3. Жолубай; 4. Астар; 5. Серке (баатыр катары таанылган инсан болгон). 6. Теңизбай; 7. Биймырза; 8. Абыке; 9. Кожоназар (жаш кезинен эл башкарган бий болгон); 10. Жайчыбек; 11. Таңырык; 12. Пирназар; 13. Жээнбек; 14. Шарип;
Жапаров Садыр Нургожоевич (2021-жылдын январынан президент)
1968-жылдын 6-декабрында туулган, 2020-жылдын 15-октябрынан президенттин милдетин аткаруучу. 2021-жылдын 11-янарынан президент.
Ата теги: Нуркожо, Мусталый, Жапар, Көчкүн, Солтонкул, Алыбай, Бирназар, Алдаш, Белек, Жамангул, Алсейит, Мырзакул, Орозбак, Сарбагыш, Тагай, Агуул, Долонбий.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg