Орусия Экинчи Дүйнөлүк согушка арналган архивдик материалдар үчүн ири комплекс курат
Дүйнө жүзүндө  |   |  807

Орусия Экинчи Дүйнөлүк согушка арналган архивдик материалдар үчүн  ири комплекс курат. Комплекске кирүүнү каалаган бардык кишилер үчүн эшик ачык болот.

 Бул тууралуу Орусиянын президенти Владимир Путин Федералык чогулуштагы өз сөзүндө билдирди.

Президенттин ою боюнча Орусия Федерациясы Улуу Ата Мекендик согуш боюнча чындыкты сактап, тарыхты бурмалоого жол бербеши керек.

Владимир Путин:“9-Май-Орусия үчүн эң улуу майрам. Биздин эскерүүлөрүбүз өткөн тарыхка урмат көрсөтүүгө гана эмес, ал келечек муундар үчүн кызмат кылып, ынтымакка чакырат”,-деп айтып, тарыхты бурмалоого жол берилбеши керектигин баса белгиледи.

Булак:NazarNews.kg

Поделитесь с друзьями