www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мамлекеттен насыяга үрөн алган аял 16 жылдан бери качып жүрүп, эми колго түшүрүлдү. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарында 1972-жылы туулган Т.А аттуу жаран,  2004-жылдын октябрь айында келишимдин негизинде Финансы министрлигине караштуу Экономиканы өнүктүрүү боюнча мамлекеттик фонддон 40 тонна буудай үрөнүн алган. Мамлекеттен берилген товардык насыянын жалпы суммасы 379,5 миң сомго жеткен. Бирок ал 16 жылдан бери карызын төлөбөстөн качып жүргөндүгүнө байланыштуу,  мамлекетке келтирилген материалдык чыгым туум жана айыптарды кошкондо 714 миң сомго жеткен. 

Кыргызстандын ИИМ менен Россиядагы өкүлчүлүгү,  жергиликтүү укук коргоо органдарынын өкүлдөрү менен биргеликте алдамчылык боюнча шектелип, качып жүргөн аялды Москва шаарынан табып, колго түшүрүшкөн. 

Учурда шектүүнү жазага тартуу үчүн Кыргызстанга кайтаруу иштери жүрүп жатат.

Эске салсак, шектүү аялга буга чейин  3 жолу издөө жарыяланган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости