www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Той качан”, - деп качан айтпай калабыз?!

Вотсаптан келди.  Тилекке каршы автору белгисиз бирөөнүн кыялдануусу экен. Анткен менен жакшы салыштуруу, мыкты анализ. Мындан улам аны “NazarNews” маалымат агентигинин окурмандары менен бөлүшпөй койо албадык. Төмөндө ал кыялдануу толугу менен:  

Эгерде Кыргызстанда үйлөнүү жана башка тойлор болбой калса...

1 айдан кийин - азык түлүктүн, жер-жемиштердин баасы арзандайт. Негизги сатып алуучулар жок болгондуктан - базар азык-түлүккө толот.
2 айдан кийин – ресторан,тойканалар жабыла баштайт.
3 айдан кийин – автоуналардын баасы түшөт, эми эч кимге кереги жок болгондуктан базар Гелендваген менен Рендж Роверлерге толмок.
Жарым жылдан – акыры аялдар өздөрүнө керектүү жана жагымдуу иштер менен алектене баштайт.
1 жылдан кийин - кыргызстандыктар кокусунан чогулткан акчаларын коротууну ойлонуп баштайт,  саякатка чыккандардын саны көбөйөт.
1,5 жылдан кийин - товарлардын сапаты жогорулай баштайт - элдер талап кыла баштайт. Себеби, эми алар кимдир бирөөнүн тоюна эмес, өздөрү үчүн сатып алышат да.
2 жылдан кийин - экономикабызда байкалаарлык өсүштөр болот. Үйлөнүү той индустриясы менен алектенген бизнесмендер экономикабызга жана калкка пайдалуу башка бизнес ачышат.
3 жылдан кийин – акыркы жасалма ырчы жоголот.
5 жылдан кийин - ишкер аялдардын саны өсөт.
10 жылдан кийин – көптөн бери элге көрүнүү үчүн эч ким никеге турган эмес себептүү ажырашкан үй-бүлөөлөрдүн саны азаят.
50 жылдан кийин – ата-энелер балдарына таң калычтуу окуяларды айтып бере баштайт: илгери биз чоң тойлорду өткөрүп, ага тааныбаган эле кишилерди чакырчубуз. Анын айынан  мүлкүбүздү барымтага коюп жок дегенде 20 жылга чейин кредит төлөчүбүз.

Эми эң башкысы, эч качан “Той качан?” деген суроо берилбей калат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости