www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Буга чейин 2018-жылы гана Орусиядан Кыргызстанга 2,6 млрд доллардан ашуун каражат которулуп, үй-бүлөлөрдүн багылышына салым кошулуп келген.
Биздин мамлекет 2015-жылы ЕАЭБге мүчө болуп кирген. Эми Орусия кыргыз мигранттарынын өз үй-бүлөсүнө акча жөнөтүшүн кымбаттатып, татаалдаштырып, документтерди талап кылып, көбүрөөк акча салууга чек коюп, Кытай, Вьетнамдарга теңеп коюшту.
Ал эми Казакстан сыяктуу башка ЕАЭБге мүчө болгондордо мындай маселе жок. Акча которуу кескин түрдө кыскарабы? Бул маселеге өкмөт, атүгүл президент өзү кийлигишүүсү керек. ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин ортосунда акча которуу, товар айлантуу, жумушчу күчтөрү эркин жүгүртүлүшү керек деген эрежелер эмне болду?
Кыргыз өкмөтү бул суроону тез арада кабыргасынан коюусу керек. Эгер абал ушул бойдон улана турган болсо,акча которуу кескин түрдө кыскарат. Эң жаман жери Орусиянын дагы, Кыргызстандын дагы мыйзамдарын одоно бузуу менен акчаны көмүскө которуу күч алат. Мындай аракеттер эмитен эле башталды. Ошондо тигил өлкөдөн бул өлкөгө канча акча которулду, эсеп-кысап так болбой калат. Мигранттар үчүн дагы кооптуу абал жаралат. Себеби, мындай жол менен которулган каражаттар ортодо жок болуп кеткен учурлар көп болгон. Мыйзам бузгандар колго түшүп кала турган болсо, таза иш алып барган ишкерлер дагы жабыркайт. Бул чектөө Кыргызстан менен бирге, Вьетнам менен Кытайга да тиешелүү.
Мындан ары кыргызстандыктар ири өлчөмдө акчаларды Кыргызстанга өздөрүнүн Орусиядагы банктарындагы эсептери аркылуу гана которо алышат. Бирок бул кызмат кымбатыраак болуп, ал үчүн документтер талап кылынат — бул өз кезегинде Орусияда мыйзамсыз жүргөн мигранттар үчүн көйгөй болуп эсептелет.
«Эми кардар бир ай ичинде которо алчу акчанын жалпы суммасы 100 миң рублдан ашпашы керек», — деп билдиришти Кыргызстандын Улуттук банкынан.
Кыргызстандын Улуттук банкынын баамында, жеке адамдар акча которуу системалары аркылуу Орусиядан Кыргызстанга орточо эсеп менен 30 миң рубль жөнөтүшөт. Улуттук банк бул чектөөлөрдү акча которуулар системалары аркылуу товар жана кызмат акыларын төлөгөн ишкерлер үчүн киргизилиши мүмкүн деп эсептейт.
Орусиянын Борбордук банкы мындай жол менен көмүскө операцияларга каршы күрөш жүргүзүүдө деп түшүндүрүп берди. «Базарларда соода кылган чет өлкөлүк жарандар жеке ишкер катары катталбастан жана юридикалык жак түзбөстөн, ушундай жол менен тапкан накталай акчаларын товарлардын партияларын төлөөгө которушат», — дешет.
Азыр Кыргызстандан жана Орусиядан эсеп ачуу керек Орусиянын акча которуу системалары Кыргызстанга акча жөнөтүү үчүн бир айда 100 миң рублдук чектөө киргизгени белгилүү. Орусиянын Борбордук банкы чектөө коюуну көмүскө операцияларга каршы күрөшүү менен түшүндүрдү.
Маселен, "Дордой" базарында товарларды накталай акчага гана сатат. Ал үчүн Кыргызстандан жана Орусиядан эсеп ачуу керек. Анан эсептен эсепке которулат. Которуу иштерин жүргүзүүдө эки мамлекеттен тең комиссияга деп акча төлөнөт. Дагы бир машакаты - акчаны которуп жатканда каражаттын булагын көрсөтүүнү талап кылып жатышат. Эгерде мигрант бизнесмен болсо, анда өзү кол коюп, маалым катын жазып алып бара берет. Мындай шартта базарда соода кылгандар эмне кылат? Алар эч кандай документациясы жок эле орунду ижарага алып соода кылышат да. Эсеп ачкан күндө деле жогорудагыдай тоскоолдуктар болуп жатат. Мындай чектөө мигранттарга кандай таасир тийгизип жатат?
Кыргыз расмийлери эмгек мигранты айына орточо 500 доллардан которо турганын айтып, бул киргизилген чектөөлөр аларга ыңгайсыздык жаратпайт деп жүйө келтирүүдө. Айлыкка жашаган мигранттарыбыз көп. Алардын тапканы кырк миң рублдан алтымыш беш рублга чейин. Албетте, алар үчүн ыңгайсыздык жаралган жок. Акчаны көп тапкандарга эмне болот? Ошол эле учурда 60-70 миң рубль айлык жана кошумча 40-50 миң рубль тапкан кыргыз мигранттары дагы бир топ. Мына ушулар каражаттарын которо албай, кыйналып жатат.
Маселен, Москваны эле алалы.Кыргыздардын токсонго жакын кафе, ресторандары бар. Булардын кирешеси жүз миңден эки-үч эсе көп да. Курулуш материалдарды саткан төрт-беш базарда эле жүздөгөн кыргызстандыктар соода кылышат. Кийим-кечек саткан үч базарда дагы кыргыз мигранттары көп иштейт. Ишкердик менен алектенген кыргыз жарандары эле 25-30 миңге чамалайт. Алар каражаттарын которо албай калды. Соода менен алектенген ишкерлер товар айлантат. Таза кирешеси 500-600 миң рубль болгондо деле жүгүртүүдөгү товарлары миллиондогон каражат эмеспи.
Экономикага таасири Орусиядан Кыргызстанга 2 млрд доллардан ашык каражат которулуп, Кыргызстан акча которуулардын ИДПга болгон катыштыгы боюнча дүйнө жүзүндө биринчи орунду ээлейт — алар ИДПнын дээрлик 40% түзөт.
Акча которуулардын көпчүлүк бөлүгү Кыргызстанга Орусиядан келет — 2018-жылы кыргызстандыктар мекенине 2,6 млрд доллардан ашуун каражат которушкан. Акча которуулардан көз каранды болуу кыргыз экономикасы үчүн коркунучтуу.
Муну 2014-2015-жылдардагы орусиялык кризис көрсөткөн — акча которуулар азайып, жакырчылык 1,5 пайызга өскөн. Орусиялык төлөө системалары киргизген чектөөлөр мигранттардын Кыргызстанга которгон акчалардын азаюусуна алып келиши мүмкүн. Акыры бул өлкөнүн экономикасына терс таасир тийгизет.
Эске сала кетсек Кыргызстан 2015-жылы ЕАЭБге мүчө болуп кирген. Бирок Казакстан сыяктуу башка ЕАЭБге мүчө болгондордо жогорку маселе жок.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg