www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстан чакан мамлекет, НАТО биз менен эсептешпейт. А бирок НАТОнун жүрөгүнүн үшүн алган ШКУнун (ШОС) мүчөсү,ШКУда НАТОнун мойнуна сыйыртмак салып жаткан Кытай менен Орусия бар.
НАТО
НАТО 1949-жылы аскердик кубаты өсүп жаткан СССРди ооздуктап туруу максатында негизделген. Улам кеңейип отуруп уюмга ушу тапта 29 өлкө, Түндүк Македония менен отуз мамлекет кирет. Бул уюмдун баш катчысы Йенс Столтенберг Орусия жаратып жаткан коркунуч тууралуу эскертти. Келишим боюнча 5 500 чакырым аралыкка уча ала турган ядролук жана башка ракета комплекстерине тыюу салынган. Столтенберг альянс Европада ядролук комплекстерди жайгаштырууга ниеттенбей турганын, бирок Орусияны тизгиндеш үчүн натыйжалуу чара көрөрүн маалымдады. Баш катчы Столтенберг НАТОнун мүчөлөрү акыркы эки жылда коргонуу чөйрөсүнө 41 миллиард доллар коротушканын, кийинки жылы бул сумма 100 миллиард долларга жетерин айтты. Ангела Меркель башында турган Германия бүгүн да ички дүң өнүмүнүн 2 пайызын бирдиктүү коргонууга жумшоодон баш тартып келатат. Көптөгөн аракеттерден кийин 2024-жылга карай коргонууга ички дүң өнүмүнүн бир жарым пайызын сарптоого араң көндү. Бирок немис парламентинин кароосуна жаңыдан коюлган быйылкы бюджеттин долбоорунда ошол убадасы да камтылбай, 1,3 пайыз деп жазылган.
Франциянын президенти Макрон Европа мындан ары НАТОдогу өнөктөшү АКШнын коргоосуна ишеним арта албасын айтып, "биз НАТОнун "мээсинин өлүп баратканына күбө болуп жатабыз" деп билдирген. Анын айтымында, "Европа жардын кырына кептелип калды жана мындан ары өзүнчө геосаясий держава катары өзүнө өзү кам көрүшү керек". Албетте, өз өнөқктөштөрү тарабынан болуп жаткан мындай божомолдор НАТОнун кадыр-баркын түшүрүп келатат.
НАТОго коркунуч туудурган мамлекет: Орусия
НАТОнун атаандашы эсептелген Орусия «Буревестник» ракетасын бир нече ирет сынаган. Орусия бул долбоорун ишке ашырууну тездетип, 2025-жылга чейин бүтүрүп, согушка колдонууга даяр кылып койгону жатат. Орусиянын глобалдык алыстыкка уча турган, континент аралык «Буревестник» аттуу канаттуу ракетасын НАТО уюму «SSC-X-9 Skyfall» деп атап келет. Алыс аймакка учуп жете турган бул ракета ядролук дүрмөт алып жүрүүгө ыңгайлашкан.
Жыйырма биринчи кылымда чоң геосаясий оюндар жүрчү жерлер булар: Орусия, Кытай, АКШ, Батыш Европа, Жакынкы Чыгыш, Индия жана Пакистан, Корея, Япония, Латын Америкасы жана Арктика. Мамлекеттин өнүгүшү географиялык ордуна көз каранды эмес, бирок өлкөнүн турган орду геосаясатта маанилүү факторго ээ экенин соңку жаңы тарых көрсөттү.
СССР 1955-1991-жылдары НАТОго каршы Варшава келишимин түзгөн. Берлин дубалынын урашы менен бул согуштук блок жок болгон. Акыркы жылдары НАТОнун кеңейүүсүнө итиркейи келип турган Орусия дүйнөдөгү эң чоң өлкө. Аянты 17 098 242 чарчы километр жана 11 убакыт зонасына созулат. Орусия АКШ жана Кытайдан эки эсе, Индиядан беш эсе, Британиядан 70 эсе чоң. Бирок элинин саны Кытай, Индия, АКШ, Пакистан, Нигериядан аз. Орусиянын 75% жери Азиядан орун алганы менен бул жакта жарандардын 22% гана жашайт.
Орусиянын батышынан чыгыш кыйырына поезд менен алты күндө жетесиз. Токой, кыртышы көк муз болуп тоңгон тундра, тайга, талаа, тоолор – баары учу-кыйырсыз жатат. Кремлдеги жетекчилер өлкөнүн саясий стратегиясын ченемсиз аралыкка, табигый өзгөчөлүктөргө карап аныктап, жүргүзүшү абзел. Ушул жагдай Кремлди бир нече кылымдан бери түрдүү багытка турнабай салып турууга мажбурлайт, бирок көңүл чордонунда Батыш. Эмне үчүн? Себеби, Ыраакы Чыгышты география өзү коргойт. Батыш чек арасы – 60 933 км., анын 38 808 километри деңиз. Ошондуктан Орусия үчүн Түндүк Европа ойдуңунун аскерий-стратегиялык мааниси эбегейсиз. Ойдуң батыш Франциядан Урал тоолоруна чейин “чубалып”, түндүк Франция, Бельгия, Нидерландия, түндүк Германия жана Польшаны дээрлик толук камтыйт. Кеңдиги 482 км. тете бул аймактын инфраструктурасы Ыраакы Чыгыш менен Сибирге салыштырганда аябай жакшы өнүккөн.
Түндүк Европа ойдуңун түштүк капталынан кысып, табигый чеп катары кызмат кылган Карпат тоолорунун этеги Молдовага жетпей түгөнөт. Молдованы Балкан жарым аралынын түндүк чыгыш босогосу десе болот. Орусия Федерациясы суусу жылуу деңизге түз чыкпаганын айтсак, Түндүк Европа ойдуңунун стратегиялык баасы жана Крымды басып алышынын себеби ого бетер түшүнүктүү болот. Наполеондун 1812-жылкы жортуулунан бери карай, 1853-56-жылдардагы Крым согушун кошо эсептегенде, Орусия Түндүк Европа ойдуңунун тарабында ар 33 жылда бир мертебе согушуп турган. Украинанын чыгышы жана Приднестровьедеги улутчулдарга каршы адамдарды буфер катары пайдаланышып азыр да мушутумун түйүп турат.
Өлкөнүн Мурманск сыяктуу Арктикадагы порттору бир нече ай, Тынч океандагы Владивосток порту төрт ай тоңуп турганы аз келгенсип, Япония деңиз жолун бөгөп турат. Мунун кедергиси соодага тийгенден башка Орусиянын деңиз флотунун дүйнөлүк мухиттерге түз чыгуусун татаалдаштырат. Албетте, геосаясат темасы көгүлтүр отунсуз толук болбойт. Москванын эң айбаттуу куралы - ядролук каруу-жарагын эске албаганда – армия менен аба-космостук күчтөр эмес, газ жана мунай. Кайсы өлкөнүн мамилеси Орусия менен жакшы болсо, ошол энергияны арзан алат. Ушу тапта Европа газ жана мунайдын болжол менен төрттөн бирин Орусиядан алат. Өлкө Москвага жакындаган сайын, анын энергетикалык көз карандылыгы өсөт. Латвия, Словакия, Финляндия Орусиянын газына 100%, Чехия, Болгария, Литва 80%, Австрия, Греция, Венгрия 60%, Германия 50%, Британия 13% көз каранды.
СССРден бөлүнгөн Азербайжан, Өзбекстан, Түркмөнстан бейтарап мамлекеттер. Отун- энергетика ресурстары жетиштүү болгон үчүн алар Орусия менен Батыштын коопсуздук же соода уюмуна кошулууга муктаж эмес. Армения, Беларус, Казакстан, Кыргызстан, Тажикстандын экономикасы Орусияга байлангандыктан, бул беш мамлекет Москва башындагы ЕврАзЭК же ШКУга мүчө болуп кирген. Балтия боюндагы Латвия, Литва, Эстония Европанын бардык саясий-экономикалык институттарына толук укуктуу мүчө. Ал эми НАТО менен Евробиримдикке умтулган Грузия, Молдова, Украинанын аймагында орус аскерлери же орусиячыл жикчилдер бар.
Мурдагы 15 республика илгерки отурукташуусуна ылайык эгемендүү мамлекет болуп, тилин жана каада-салтын өнүктүрө баштаган. Экс-советтик Борбор Азия республикаларынын ар биринде талуу жери бар, себеби Сталин чек араны чийгенде ар бир титулдук улутту алсыратуу максатында экинчи титулдук улуттун аз эмес элин журту менен бирге кошуп берген.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg