www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Расмий Москва Сириядагы чет элдик күчтөрдү тез арада чыгарып кетүүнү талап кылды. Бул тууралуу БУУнун Коопсуздук кеңешинин отурумунда Орусиянын бул уюмдагы атайын өкүлүнүн орун басары Дмитрий Полянский билдирди.
“АКШ террорчулук менен чакан мааниде да, дүйнөлүк масштабда да күрөшө албай жатканы ачык-айкын болуп турат. “Ислам мамлекети” тобунун жоочуларынын Хасаке шаарындагы түрмөгө жасаган чабуулу буга далил”, - деп кошумчалады ал.
Полянский америкалык аскерлердин Сирияда жүрүшү тескерисинче, өлкөнүн түндүк-чыгышында чет элдик террорчуларды көбөйткөнүн белгилеп, Орусиянын куралдуу күчтөрүнүн жардамы менен Сириянын аскерлери жоочуларды жок кылып жатканын айтты.
21-январдан бери “Ислам мамлекети” (Кыргызстанда тыюу салынган) террордук кыймылынын жоочулары Сириянын Хасака провинциясындагы түрмөгө чабуул жасап, ал жактагы шериктерин чыгарып кетүүгө аракет жасаган. Бир аптага жакын кармашта 200дөй адам өлгөн.
АКШ баштаган 60тай өлкөнү бириктирген эл аралык коалициялык күчтөрдүн аскерлери “Ислам мамлекети” террордук тобун жок кылуу максатында 2014-жылдан тартып Сирияда согуштук аракеттерге катышып келет. 2015-жылдан тартып “Ислам мамлекети” менен күрөшүү үчүн бул өлкөнүн аймагына Орусиянын күчтөрү да барган.
Булак: NazarNews.kg