www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

31-январда АКШнын демилгеси менен БУУнун Коопсуздук кеңешинин жыйыны өтүп, орус аскерлеринин Украина чек арасына жакын жерге топтолушу талкууланат.

"Украинага жакын жерге 100 миңден ашык орус аскери жайгаштырылган. Орусия эл аралык коомчулукка жана коопсуздукка коркунуч жаратуу менен Украинага каршы түрдүү туруксуздаштыруу аракеттерин көрүп жатат", — деп жазылган АКШнын БУУдагы туруктуу өкүлү Линда Томас-Гринфилддин билдирүүсүндө.

Кошмо Штаттар Коопсуздук кеңешине мүчө өлкөлөр фактыларды изилдеп чыгып, Орусиянын Украинага ыктымал кол салуусунун эл аралык коопсуздук системасы үчүн кесепеттерин карап чыгышы керек деп эсептейт.

Орусия азырынча АКШнын бул демилгесине карата эч кандай реакциясын билдире элек. Москва мындай күн тартиби менен Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрүүгө бөгөт коюуга аракет кылышы мүмкүн.

Бирок, Wall Street Journal гезитинин маалыматына ылайык, Вашингтон жыйын өткөрүүгө зарыл болгон Коопсуздук кеңешинин кеминде тогуз мүчөсүнүн колдоосун таба алышы мүмкүн. Өз кезегинде Орусия кеңештин туруктуу мүчөсү катары анын чечимине вето коюу укугуна ээ.

АКШ бул теманын Коопсуздук кеңешинде талкууланышы эл аралык коомчулуктун тилектештиги ким тарапта экенин ачык көрсөтүп, Кремлди чек арадагы абалды жөнгө салууга ынандырат деп үмүттөнүүдө.

Эске салсак, Орусия акыркы жумаларда Украинанын чек арасына жакын аймактарга 100 миңге жакын аскерин жайгаштырган. Киев менен Батыш өлкөлөрү Кремль Украинага кол салууга даярдык көрүп жатат деп кооптонууда.

Өз кезегинде, Москва мындай планы бар экенин четке кагып, коопсуздугу үчүн өз аймагына аскерлерин жайгаштырууга укуктуу экенин билдирип келет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости