www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Өздөрү ыргыткан таш өздөрүнүн башына кайтты”, - деди бүгүн, 29-январда NazarNews маалымат агенттигине журналист Калдарбек Койлубайтегин.

- Сыныктан башкасынын баары жугуштуу деп койушчу эле илгери. Экинчиден, бардык ташпиштерди Чеч-Дөбөдө чечишчү кара кылды как жарып. Бүгүн анын бири жок. Кызыгы, ушул митингдерди батышчыл бейөкмөт уюмдар, анын рупорлору ушул “Кактус”, “Азаттык” Клооп” кызытып иййшпеди беле, анын статусун дегеле бийикке көтөрүшүп. Чүчкүрүп койушса да жүгүрүп митингге келишип, ойуна келгенди айтышып, жерди өлөрчө тепкилешип. Мына, өздөрү ыргыткан таш өздөрүнүн башына кайтты.

Бирок, митингвиурусунан арылуу абадай керек болуп жатат. Кара күч менен акылды жалпайта чабуудан балакет да чыкпас, андан көрө акыл күч менен кара күчтү кулатуу гана керектей. Батыштын акырынан жем жеген “Кактус” мындан башкача кадамды жасай да албайт болчу.  Мойнун толгоп койсо да. Эртең “господин 420” болуп калат да дубанага айланып калбайбы. Пулуң болсо кулуңмун. Ошон үчүн сөз эркиндиги деген шляпага жамынып алышып, батыштын идеологиясын уланата беришет кыямат күнүндө деле.

Буларда “нет ни флага, ни Родины, и нет царя” жетимканадан чыгышкан куру жалак жетимдердей эле булар. Албетте, орус медиялары жем таштап, чек ара жаңжалын кыргыз тарап баштады деп койду эле, Кактус” шо замат аны илип алып кожойундарынын алдында жан берилип иштеп жатканын, тыйынды жөн эле алып жатпагандыгын дагы бир ирет тастыкташты.

Бул алар үчүн кадимки эле көрүнүш. Маалыматты канчалык деңгээлде тактыгы бул жазмакерлер үчүн экинчи бир маселе. Маселе, маалыматты канчалык эрте берип койсо ошончо жакшы. Экинчиден, бийлик муштумун түйсө митинг дегени сактап каларын сопсонун билишет. Бирок бу курдайы “чалгы сууну чапчыбай, ташты чаап албадыбы”. Өздөрүнүн үйүнө келиши “жогол, кет” дегендей митинг өттү.

Чыккынчы же саткыны деп айтуу эртедир. Бирок ар бир жаран өзүнүн мекенин эч качан кара түскө бойобойт эмеспи. Эч качан. Каралаганадар-чыккынчы экендигин тарых көзгө сайып туру. Эми карга деле баласын аппагым дейт го... Бирок бу батыштын фанаттары акчанын кулу болушуп, өздөрү түшүнбөгөн, өмүрү көрүп жашабаган мамлекеттин идеологиясын туу тутуп жатса, жок дегенде “Восток-дело тонкое” деп ошол батыштагылар какшап айтып кеткенин деле назарына салып алышпаптыр.

Бир сөз менен Орусиядагы “чет элдик агент” мыйзамынын иштеп кетиши эми сөзсүз таасирин берет да, ачык эле сен шпионсуң, сен тигисиң дегендей ызы-чуу башталат. Ошондуктан, сөз эркиндиги деген улуу сөздү уят кылбай, кара кылды как жарууга башты тоголотушубуз ыйык парзыбы, бул вазипабыз!

Булак: NazarNews.kg

Последние новости