www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусияда алты жашар баланын башы алынды

Саратов облусунун Энгельс шаарынын тургуну алты жашар баланын башын кесип салган. Мындай маалыматты жергиликтүү басма сөз кызматтары жазып чыкты.

Ал үй-бүлөдө алтынчы бала болгону, жана өлтүрүлгөн күнү энеси жетинчисин төрөгөнү белгилүү болгон.  

Аталган окуя 20-ноябрда болгон. Баланын өгөй атасы таанышынан ага карап туруусун суранып, ооруканадагы жубайына кеткен. Кийин үйүнө келген учурда ал баланын башсыз денесин тапкан.

Алдын ала маалыматтар боюнча, шектүү баңгизаттын таасир астында болгон.

Саратов облусундагы балдардын укуктары боюнча Акыйкатчысы Татьяна Загороднаянын айтымында, коңшулар үй-бүлө жөнүндө жаман сөз айтышкан жок. Ошол эле учурда, көп балалуу эне айрым балдарга карата ата-энелик укуктан ажыратылганы көрсөтүлгөн. Алардын бешөө облустун ар кайсы райондорунда туугандарынын үйүндө жашашат. 

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости