www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түркияда өткөн эл аралык кинофестивалда кыргызстандык студент Гүлнара Айтмаматованын "Тайгак жол" даректүү тасмасы 1-орунду алды. Бул тууралуу Кинематографияны колдоо фонду кабарлады. 

Стамбулда өткөн бул иш-чарага бир нече өлкөдөн бир топ жаш режиссёрлор онлайн форматта катышкан. Калыстар тобу жеңүүчүлөрдүн ысымын кечээ, 20-ноябрда, жарыя кылды. Эмгектер ТРТ телеканалында көрсөтүлгөн. 

"Тайгак жол" — Кыргыз-түрк "Манас" университетинин студенти Айтмаматованын дипломдук иши. Ал тоо арасында жашаган чабандын кызы Каныкейдин кыялындагы келечекке болгон умтулуусу жөнүндө баяндайт.

Бул фильм ноябрдын аягында Екатеринбург шаарында өтө турган "Россия" кинофестивалына катышмакчы. Сайтта аталган эмгектин КМШ өлкөлөрүнүн алкагында өтө турган жаш киночулардын форумунун "Үмүт" деп аталган сынагына катышуу үчүн тандалып алынганы айтылды. 

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости