www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өкмөттүн биринчи милдети экономикалык төмөндөөнү токтотуу. Бул боюнча олуттуу иш-чаралар жүрүп жатат, 14 мыйзам долбоору кабыл алынды, антикризистик программалар иштелип чыгууда. Бул тууралуу Өкмөттүн аппарат жетекчиси бакыт Аманбаев «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

«Экинчиден, экономикалык төмөндөөнү токтоткондон кийин кайра жандандыруу процесси боюнча олуттуу иштер аткарылып жатат. Элди жылуулук менен камсыз кылуу жана коронавирустун алдын алуу маселеси турат. Булардан тышкары оптималдаштыруу жана реформалоо иш-чараларын баштадык. Анткени мамлекеттик органдар таза, натыйжалуу иштегенде экономика жакшырып, жумуш орундары түзүлөт. Тилекке каршы бизде бирин-бири кайталаган, натыйжасыз иштеген, туугандары үчүн түзүлгөн структуралар көп», — дейт Аманбаев.

Ал натыйжасыз иш алып баргандарды талдап, жоюп, оптималдаштыруу зарылчылыгы бар экенин кошумчалады. Министрлер менен түз иштешүү башталганын кабарлады.

Маалыматка ылайык, Өкмөттүн аппаратында 200 кызматкер иштейт. Оптимизацияга жараша кызматкерлердин саны кыскартылат. Азырынча кайсы маморгандарда кандай кыскартуу болорун айтууга эрте.

«Бирок бир токтом жылдап кечигип жаткан учурларды кездештирип жатабыз. Анын себептерин аныктап, көптөгөн маморгандардын жетекчилерине сөгүш бердирттик. Процесстерди тездетүүнү ишке ашыруу үчүн оптималдаштыруу зарыл болууда», -дейт Аманбаев.

Эске салсак, 17-ноябрда бардык мамлекеттик органдардын ишмердүүлүгүн оптимизациялоо жана реформалоо боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын биринчи отуруму өткөн. Анда маморгандардын өкүлдөрүнө бир катар тапшырмалар берилген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости