www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Эгер АКШ Орусияны терроризмди сүрөөнгө алган өлкө деп тапса, ортодогу дипломатиялык мамилелер үзүлүшү мүмкүн. Бул тууралуу Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин (ТИМ) атайын өкүлү Мария Захарова билдирди.
АКШ Конгрессинин Сенаты июлдун аягында Москванын Чеченстандагы, Грузиядагы, Сириядагы жана Украинадагы "көптөгөн бейкүнөө адамдардын, анын ичинде аялдар менен балдардын өлүмүнө алып келген" аракеттери үчүн Орусияны терроризмди сүрөөнгө алган өлкө деп таанууга чакырган резолюция кабыл алган. Ушундай эле резолюция АКШ парламентинин төмөнкү палатасынын кароосуна берилген. Бирок мыйзам чыгаруучулар бул чечимди өз алдынча кабыл ала алышпайт, андай кадамды Мамлекеттик департамент жасоого тийиш.
"Ошол эле маалда кандай гана аракет болбосун, ал ага каршы аракетти жаратары айтыла бербейт. Мындай жоопкерчиликсиз кадамдын логикалык жыйынтыгы дипломатиялык мамилелерди үзүү болуп калышы мүмкүн", – деди Захарова.
Конгресстин кош палатасына украин парламенти – Жогорку Рада кайрылып, Орусияны терроризмди сүрөөнгө алган мамлекет деп таанууга үндөгөн. Ушундай эле чакырыктарды Украинанын президенти Владимир Зеленский жана тышкы иштер министри Дмитрий Кулеба да таштаган.
Ошондой "кара тизмеге" буга чейин Вашингтон төрт өлкөнү – Сирия, Иран, Куба жана Түндүк Кореяны киргизген. Мындай кадам дипломатиялык алалкаларды үзүүнү жана катаң санкцияларды салууну билдирет.
Булак: NazarNews.kg