www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусия Украинага кол салгандан бери алгачкы жолу украин портунан дан азыктарын жүктөп чыккан кеме 36 сааттан кийин Түркиянын жээктерине жетти.

Анкаранын маалыматына караганда, украин дан азыктарынын экспортун кайра жандантуу тууралуу 22-июлда кол коюлган төрт тараптуу келишимге ылайык, орточо эсеп менен күн сайын украин портторунан бирден жүк ташыган кеме жөнөтүлүп турушу керек.

1-августта Одесса портунан чыккан Сьерра-Леоне мамлекетинде катталган Razoni аттуу кеме Ливанга 26 миң тонна жүгөрү алып баратат.

3-августта эртең менен кемедеги жүктү орусиялыктардан, украиналыктардан жана БУУ менен Түркиянын өкүлдөрүнөн турган Стамбулдагы Биргелешкен координациялык борбордун делегациясы текшерет деп күтүлүүдө.

Украин данын дүйнөлүк базарга чыгаруу тууралуу экспорттук келишим азык-түлүк каатчылыгын жеңилдетүүгө багытталган.

Расмий Киев менен Батыш өлкөлөрү Орусияны украин деңиз портторун басып алганы үчүн айыптап, муну дүйнөлүк рынокто дан азыктарынын бааларын көтөрүүгө жана товарлардын тартыштыгын жаратууга болгон аракет катары сыпаттап келген. Москва мындай маалыматтарды четке кагып, жүк ташуучу кемелер деңиз жээктериндеги украин миналарынан улам чыга албай жатканын билдирген.​

Булак: NazarNews.kg

Последние новости