www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстан менен Орусиянын электр тармагындагы эки ишканасынын ортосунда кабыл алынган кызматташтык тууралуу келишим алкагында Кыргызстандын электр энергетикалык системасын өнүктүрүү долбоорлору ишке ашырылат. Бул тууралуу 13-октябрда Орусиянын “Россети” ишканасы билдирди.

Узак мөөнөттүү стратегиялык кызматташтык боюнча келишимге “Кыргызстан улуттук электр тармагы” ишканасы менен “Россетинин” жетекчилери Алтынбек Рысбеков жана Андрей Рюмин Москвада өткөн “Орусиянын энергетикалык жумалыгы” алкагында кол коюшту.

Келишим инфраструктура түзүү, модернизациялоо, тажрыйба алмашуу, электр түйүндөр комплексин санарипке өткөрүү, инновациялык ыкмаларды колдонуу иштерин жүргүзүүгө багытталары белгиленди.

Кыргызстандын Орусия менен энергетика тармагында кызматташуу тууралуу буга чейин пландалган бир долбоору ишке ашпай калган. Ага ылайык орус тарап Жогорку Нарын ГЭС каскадын жана “Камбар-Ата-1” ГЭСин курмак.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости