www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Эпидемиянын жаңы баскычынын алдында Орусияда сасык тумоонун А тибиндеги (H3N2) вирусун жуктурган биринчи учур катталды. Бул тууралуу 14-октябрда Роспотребнадзордун жетекчиси Анна Попова ведомствонун коллегиясында билдирди.
"Өткөн аптада H3N2 тумоосунун биринчи вирусу Египеттен алынып келинген", - деди ал.
Попованын айтымында, азырынча Орусияда сасык тумоонун башка вирустары аныкталган эмес. Ал белгилегендей, Россия Федерациясында бардык респиратордук инфекциялар боюнча абал туруктуу бойдон калууда.
Ошол эле учурда, Роспотребнадзордун башчысы сасык тумоо жана курч респиратордук вирустук инфекциялар (ОРВИ) боюнча эпидемиялык кырдаалга баа берүүнүн жаңы методикалык ыкмаларын иштеп чыгуу зарылдыгын белгиледи.
Ушул эле күнү Удмуртиянын Саламаттыкты сактоо министрлиги сасык тумоого каршы вакцинанын жаңы партиясы аймакка келгенин жарыялаган. Жалпысынан Удмуртия эмдөө өнөктүгү башталгандан бери 675 миңден ашык доза алган. Эмдөө өнөктүгү 1-декабрга чейин уланат. Жалпысынан калктын 60%ын – 648 миң чоңдорду жана 248 миңге жакын балдарды эмдөө пландаштырылууда.
Булак: NazarNews.kg