www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 3-сентябрда, "Берекет" базарындагы соодагерлер нааразычылык акциясына чыгышты. Алар Бишкек мэри Азиз Суракматовдун келишин талап кылышкан.

Акциянын катышуучуларынын билдиришинче, көпчүлүктүн үнүн жеринен угуп кетүү үчүн Жогорку Кеңештин депутаттарына дагы кат жолдонгон. Соодагерлер соода кылган ал жер, шаар менчигине карайт. Ошондуктан аны “Берекет” компаниясынан чыгарып, муниципиалдык базарга айлантууну сунуштаган талап негизги маселе катары көтөрүлгөн.

Айта кетсек, ушул жылдын апрель айында аталган базарды жаап, анын ордуна соода комплексин куруу пландалган. Ал эми анда соода кылгандарга жаңы курулган 4 кабат соода борборунан күркөөлөрдү сатып алуу сунушталган. Анын 1 чарчы метри 1500 АКШ долларына бааланган жана соодагерлер ар бир чарчы метрине 50 сомдон күнүгө төлөөсү керек болгон. Ошондуктан бул сунуш кымбатка түшөөрүн билгизген соодагерлер андан баш тартышып, нааразылык көргөзүп келишет.

Последние новости