www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"120 баягы" жакага түшүштүбү?

Кечээ, 2-сентябрда Жогорку Кеңештин кезектеги сессиясы ачык деп жарыяланды. Төрага Дастанбек Жумабеков 2-сентябрда комитеттердин жыйыны өтө турганын айтты. Ал эми жалпы жыйын 4-сентябрда болот. Эл өкүлдөрүнүн ишке чыгышы тууралуу коомчулукта бир катар сындар менен коштолду. Айрымдар "ушундай чимкирик парламенттин барынан-жогу, тобуңар менен кетип калсаңар жакшы болмок дешсе", айрымдар "акчаңар түгөнүп келдиңер да" деген негативдер менен коштолду.

Кызыктуусу, "эртең 120 кой тоодон түшүшөт" дегени болду окшойт. Чындыгында 6-чакырылыштагы парламент саткындыктын, ойт бермеликтин классикалык үлгүсүн көргөздү. Шайлоочулардын ишениминен кетти. "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин регламенти жөнүндө" мыйзамына ылайык, парламенттик сессия ушул жылдын сентябрь айынын биринчи иш күнүнөн кийинки жылдын июнь айынын акыркы иш күнүнө чейин уланат. Депутаттар 27-июнда жайкы каникулга тараган, - дейт "Факты.kg" гезити.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости