www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
31-август күнү жашашкан Ош шаарынын Ворошилов көчөсүнун тургундары Абдуллох менен Шерзод саат 12.00 чамасында үйдөн чыгып кеткен боюнча дарексиз жоголушкан. Алардын бири Давудбектин жансыз денеси өзү жашаган үйдөн 1 км.төмөндөн, Ош-Араван каналынан, ошол эле күнү саат 13.30 чамасында каналда балык уулап отурушкан жарандар тарабынан табылган. Ал эми анын аталаш тууганы Абдуллохтун жансыз денеси кечээ 1-сентябрда аталган каналдан, Давудбек табылган каналдан 100-150 метр төмөндөн табылган. Учурда Ош шаардык ички иштер башкармалыгы тарабынан кошумча иликтөөлөр жүрүп жатат. Наристелердин денелеринде эч кандай сырттан таасир эткен жараттар жок, экөө теӊ кийимчен болушкан. Тергөөнүн негизги божомолуна караганда жаш балдардын бири сууга түшүп кетип, экинчиси аны куткарууга аракет жасап жатып, экөө теӊ агып кетиши мүмкүн. Азырынча көргөн күбөлөр аныктала элек. Бул тууралуу маалыматты Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Давудбек менен Абдуллох-бир туугандын балдары. Абдуллохту ата-энеси бир тууганынын үйүнө таштап, өздөрү Россияга иштеп жүрүшкөн.
Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери аталган аймака барып суу коопсуздугу боюнча жаш балдарга, алардын ата-энелерине дагы суу коопсуздугу боюнча далай ирет эскертүүлөрдү беришкен болчу.
Булак: NazarNews.kg